А.Исаков бут кийим чыгаруучу цех ачып, айылдаштарына жумуш орундарын түзүүдө

А.Исаков бут кийим чыгаруучу цех ачып, айылдаштарына жумуш орундарын түзүүдө

Навигация

Агро новостиКыргызча айыл чарба жанылыктарыАгро-фотогалереяАгро ВидеоСтатьиАгроэкологияАгро-СтатистикаВыставкиЗаконодательствоКалендарь работКооперацияЖивотноводствоПтицеводствоРастениеводствоРазноеОбъявленияАгро-цитатыСотрудничествоАгрофорумУслуги сайтаЭкокластер Иссык-КульУдобрения Calpia KGИссык-Кульский БИО плодопитомникИнформер НовостейНОО "Приборист" - садоводческое или дачное товарищество.Капельное оборудование и тепличная пленка.

Полезные ссылки

ОсОО
Ferma.kg

Кыргызча айыл чарба жанылыктары

А.Исаков бут кийим чыгаруучу цех ачып, айылдаштарына жумуш орундарын түзүүдө

4 марта 2018

 

Азатбек Исаков чет жакка жумуш издеп кетип жаткан жаштардын агымын токтотуу максатында Нарын районунун Чет-Нура айыл өкмөтүнө караштуу Орто-Нура айылына кийиз бут кийимдерди чыгаруучу цех ачкан. Чакан ишкананы ачууга жалпы 30 миң доллардын тегерегинде каражат жумшалды. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.Буга чейин 2013-2014-жылдары Азатбек Исаков ушул айылда жайыт комитетинде иштеп жүрүп койдун жүндөрү, терилери ар кайсы жерде жатканын көрүп, ишкердик кылууга бел байлаган.«Алгач 2014-жылы Бишкекке койдун жүнүнөн кийиз чыгаруучу цех ачтык. Ал цех бир күндө бут кийимдер үчүн 2 тоннадай даяр кийизди чыгарып баштады. 2017-жылы Россияга эки-үч жолу жумуш менен барып, ал жерде иштеген кыргыздардын абалын көрүп келдим. Өзгөчө кыздардын жашоосу таасир берди. Ошондон кийин жок дегенде кыздарга Кыргызстандан жумуш орундарын түзүп берейин деген ой келди. Россиядан келгенден кийин Бишкек шаарынан бут кийим чыгарып баштадык. Бут кийим чыгаруу чындыгында өтө кыйын экен. Союз таркагандан бери бут кийим чыгарган адистер жок болгондуктан аябай эле кыйналдык. Ошондой эле бут кийим чыгаруучу техникалар Кыргызтанда дээрлик жокко эсе экен. Мындан улам Орто-Нура айылыбызга чакан цех ачып, тургундарды үйрөтүп, жеңил бут кийимдерди жасап баштадык. Ачылганына аз болсо дагы учурда 10 адам иштеп жатат. Алар акырындык менен бут кийим чыгарууну үйрөнүп калышты. Эми сапатка өтүп, цехтин бөлмөлөрүн көбөйтүп, жумуш орундарынын санын 40-50гө жеткирүүнү көздөп жатабыз», - деди ал.Айылдык ишкер цех катары айылдагы бош имаратты пайдаланып жатканын, кийинчерээк жумуш орундарын көбөйтөрүн жана тиешелүү документтер даяр болсо жакын арада бут кийимдерин сатыкка чыгарарын айтып өттү.
  
 
«Айыл өкмөткө "муниципалдык бош жер болсо таап бербейсиңерби" деп кайрылдык. Бизге айылдагы бош оорукананын колдонулбаган жерин бөлүп берди.Бут кийим чыгарууну өз алдымча үйрөнгөм. Чакан цехке 30 миң доллардай каражат сарпталды. Учурда 8 тоннадай кийиз даяр, андан сырткары бут кийимдин таманын атайын буйрутма менен Москвадан алдырдык. Бут кийимдин таманы биздин өлкөдө чыгарылбайт экен. Ошондой эле өзүбүздө бут кийим тигүүчү атайын жабдуулар жок. Аларды Кытайдан, Россиядан алып келүүгө, айрымдарын өз алдынча колго жасоого туура келди.Жанымда ишенимдүү досум бар, ал экөөбүз каражатты тең чыгарып ачтык. Буюрса келе жаткан жума цехти юридикалык жактан каттатып жатабыз. Документтер бүтсө, табигый таза бут кийимдерди ички жана сырткы рынокко чыгарабыз. Учурда айылдагы тургундарды үйрөтүп, окутуп жатып, 5 миңдей бут кийим чыкты. Алдыда бир күндө жок дегенде жарым тоннадай бут кийим чыгарууну көздөп жатабыз», - деди ишкер.
 
 
 
 
http://static-2.akipress.org/127/.upload/kgnews/gallery/0/409560.9e26bcc466f4c0c96b296139224b6e32.jpghttp://www.turmush.kg/news:341520

<< вернуться к списку новостей

Курсы валют Кыргызстана по отношению к сому
Онлайн Гипермаркет BANAN.KG. Как создать Интернет-магазин?
Торгово Промышленная Палата Кыргызстана партнер сайта agro.kg

Авторские права ОПАЛ 2006-2018

При поддержке:  

Рейтинг@Mail.ru   Яндекс.Метрика    

Design Елена Колесникова

Tsymbalov Цымбалов Разработка сайта создание портала интернет-магазин web-мастер дизайн сайта раскрутка сайта