16 жаштагы ишкер Нурсултан Африкадан алынган цесарка кушунун жумурткасын 100 сомдон сатууда

16 жаштагы ишкер Нурсултан Африкадан алынган цесарка кушунун жумурткасын 100 сомдон сатууда

Навигация

Агро новостиКыргызча айыл чарба жанылыктарыАгро-фотогалереяАгро ВидеоСтатьиАгроэкологияАгро-СтатистикаВыставкиЗаконодательствоКалендарь работКооперацияЖивотноводствоПтицеводствоРастениеводствоРазноеОбъявленияАгро-цитатыСотрудничествоАгрофорумУслуги сайтаЭкокластер Иссык-КульУдобрения Calpia KGИссык-Кульский БИО плодопитомникИнформер НовостейНОО "Приборист" - садоводческое или дачное товарищество.Капельное оборудование и тепличная пленка.

Полезные ссылки

ОсОО
Ferma.kg

Кыргызча айыл чарба жанылыктары

16 жаштагы ишкер Нурсултан Африкадан алынган цесарка кушунун жумурткасын 100 сомдон сатууда

7 марта 2018

 

 
Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодск айылынын 16 жаштагы тургуну Талант уулу Нурсултан Африкадан келген цесарка (тоок түркүмүнө жатуучу бакма куштун бир түрү) канаттуусун багып, анын чоӊдорун 600-700 сомдон, ал эми жумурткасын 100 сомдон сатууда. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.Нурсултан учурда 9-класстын окуучусу. Ал ата-энесине, бир туугандарына жардам берүү үчүн өз алдынча ишкерлик менен алектенип баштаган.«Буга чейин Кыргызстанда жок канаттууларды баксам деп кыялданчумун. Бул кыялымды ишке ашырып, Африкадан тараган цесарка канаттуусун бага баштадым. Бул канаттууну Америкада өтө жогору баалашат. Себеби, булар бугунун кенесин абдан жакшы жешет. Ал эми бугунун кенеси июнь жана август айларында көбөйүп, газондуу өлкөлөрдөгү адамдарга коркунуч алып келет. Тактап айтканда, бул кене коркунучтуу ооруларды, анын ичинен энцефалит оорусун да жуктурушу мүмкүн. Ошол себептен аларды жок кылуу үчүн ушул канаттууну көп багышат.Бул канаттуу Африкадан келсе дагы башка жердин шартына тез эле көнүп кетет экен. Тоок жана башка үй канаттууларына салыштырмалуу дээрлик оорушпайт. Чуркаганын дагы айтпай коюуга болбойт. Тез чуркайт жана анча алыс эмес жерге чейин учуп да барат. Ошондой эле, зыяндуу курт-кумурскаларды жеп жок кылат. Эти да мүнөздөп тамак жегендерге жакшы. Мындан тышкары бул канаттуунун кичинекей мүйүзү бар экен. Мына ушундай өзгөчө сапаттарынан улам ушул кушту багууну чечтим», - деди ал.Жаш ишкер аталган канаттуунун санын көбөйтүп, чарбачылыгын кеңейтүүнү көздөп жатат.«Бул канаттуу кадимки тооктой эле тууп, жөжө басып чыгарат. Башкалардан айырмаланып, жөжөсүн кайтарат экен. Тоокко берген жемди берем. Байкаганым картошканын куртун абдан жакшы көрүшөт. Жакшы семиртип бакса салмагы 2 килограммга чейин барат. Жөжөсү болсо тез тирилип, тез чоӊойот экен», - деди ал.Нурсултан үй-бүлөдө 6 бир туугандын экинчиси. Ал 2002-жылы Токтогулда төрөлгөн.
  
 
 
http://www.turmush.kg/news:341584

<< вернуться к списку новостей

Курсы валют Кыргызстана по отношению к сому
Онлайн Гипермаркет BANAN.KG. Как создать Интернет-магазин?
Торгово Промышленная Палата Кыргызстана партнер сайта agro.kg

Авторские права ОПАЛ 2006-2018

При поддержке:  

Рейтинг@Mail.ru   Яндекс.Метрика    

Design Елена Колесникова

Tsymbalov Цымбалов Разработка сайта создание портала интернет-магазин web-мастер дизайн сайта раскрутка сайта