Эмгектерин Казакстанга чейин жөнөткөн М.Колхозбеков ат жабдыктарын сатуучу дүкөн ачууну көздөп жатат

Эмгектерин Казакстанга чейин жөнөткөн М.Колхозбеков ат жабдыктарын сатуучу дүкөн ачууну көздөп жатат

Навигация

Агро новостиКыргызча айыл чарба жанылыктарыАгро-фотогалереяАгро ВидеоСтатьиАгроэкологияАгро-СтатистикаВыставкиЗаконодательствоКалендарь работКооперацияЖивотноводствоПтицеводствоРастениеводствоРазноеОбъявленияАгро-цитатыСотрудничествоАгрофорумУслуги сайтаЭкокластер Иссык-КульУдобрения Calpia KGИссык-Кульский БИО плодопитомникИнформер НовостейНОО "Приборист" - садоводческое или дачное товарищество.Капельное оборудование и тепличная пленка.

Полезные ссылки

ОсОО
Ferma.kg

Кыргызча айыл чарба жанылыктары

Эмгектерин Казакстанга чейин жөнөткөн М.Колхозбеков ат жабдыктарын сатуучу дүкөн ачууну көздөп жатат

9 марта 2018

 

 
Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Асылбаш айылынын 31 жаштагы тургуну Медер Колхозбеков ат жабдыктарын, жүгөн, көмөлдүрүк, куюшкан жасап, алардын бир даанасын 1000 сомдон жогору баалап сатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.Өзүнүн айтымында, көк бөрү боюнча Кыргызстандын курама тайпасындагы күлүктөргө бирдей жүгөн жасап берүүнү максат кылып жатат.«Кол өнөрчүлүк кудай берген өнөр деп ойлойм. Ата-тегимде кол өнөрчүлүк менен алектенгендер болгон эмес. Бала кезимден эле өзүм кызыгып, камчы жасап, жүгөн өрөм. Өрүлгөн жүгөндү жасоого болжол менен 3-4 саат кетет. Камчыга андан көбүрөөк убакыт талап кылынат. Тактап айтканда 4-5 саатта бүтсө болот. Ал эми, кайыштан тигилген жүгөнгө болжол менен бир күн кетет. Буйрутмага жараша ар түрдүү өңдөгү жиптерди тандап алабыз. Камчыны болсо колдо багылган текенин терисинен (көк териден) жана жука кайыштан өрөбүз. Ошондой эле, кайыштан көмөлдүрүк, куюшкан жасайбыз. Бул жабдыктар толугу менен 8 миң сомдон жогору бааланат. Камчылар 1200 сомдон өйдө сатылууда. Улакчы жигиттер буйрутма менен камчыларды жасатып жатышат. Мындан тышкары, атка жабуу тигип, ээрлердин сыртын кооздоп берем. Учурда чабылып келген ээрлердин сыртына булгаары жана түрдүү түстөгү килемдер менен каптатып жатышат. Кардарларымдын саны арбын, көбүнчө улакчылар буйрутма беришет. Айрымдары жабдыктарды белек катары берүү үчүн алышат. Учурда жасаган эмгектерим Казакстанга чейин сатылууда», - деди ал.М.Колхозбеков 1987-жылы Сокулук районунун Асылбаш айылында төрөлгөн. Ал келечекте ат жабдыктарын сатуучу дүкөн ачууну көздөп жатат.«Атам өмүр бою суу чарбасында иштеди. Ал 2011-жылы каза болуп калды. Апам Асылбаш айыл өкмөтүндө эсепчи болуп эмгектенип, учурда пенсияга чыкты. Өзүм үй-бүлөлүүмүн. Кыргыз айыл чарба университетин окуп бүтүргөм. Кесибим боюнча инженер-мелиоратормун. Аталган кесип боюнча 4 жыл иштеп, айлык маяна аз болгондуктан көл өнөрчүлүккө өтүп кеткем. Азырынча жабдыктарды үйдө жасап, сатып жатабыз. Келечекте Сокулук районуна ат жабдыктарын саткан дүкөн ачсакпы деген ойлор бар. Ошондой эле, көк бөрү боюнча Кыргызстандын атынан чыккан курама тайпанын аттарына бирдей жүгөн, жабуу тигип берсем деген максатым бар. Бул менин аларга кошкон кичинекей салымым деп ойлойм. Машыктыруучулардын бардыгын тааныйм. Алар менен кеңешип, жакшы жабдыктарды жасап берейин деп жатам», - деди ал.
  
 
 
 
 
http://www.turmush.kg/news:341700

<< вернуться к списку новостей

Курсы валют Кыргызстана по отношению к сому
Онлайн Гипермаркет BANAN.KG. Как создать Интернет-магазин?
Торгово Промышленная Палата Кыргызстана партнер сайта agro.kg

Авторские права ОПАЛ 2006-2018

При поддержке:  

Рейтинг@Mail.ru   Яндекс.Метрика    

Design Елена Колесникова

Tsymbalov Цымбалов Разработка сайта создание портала интернет-магазин web-мастер дизайн сайта раскрутка сайта