300гө жакын жеке ветеринарлар өзүлөрүнүн билимин жогорулатышты( Около 300 частных ветеринаров повысыли свою квалификацию)

300гө жакын жеке ветеринарлар өзүлөрүнүн билимин жогорулатышты( Около 300 частных ветеринаров повысыли свою квалификацию)

Навигация

Агро новостиКыргызча айыл чарба жанылыктарыАгро-фотогалереяАгро ВидеоСтатьиАгроэкологияАгро-СтатистикаВыставкиЗаконодательствоКалендарь работКооперацияЖивотноводствоПтицеводствоРастениеводствоРазноеОбъявленияАгро-цитатыСотрудничествоАгрофорумУслуги сайтаЭкокластер Иссык-КульУдобрения Calpia KGИссык-Кульский БИО плодопитомникИнформер НовостейНОО "Приборист" - садоводческое или дачное товарищество.Капельное оборудование и тепличная пленка.

Полезные ссылки

ОсОО
Ferma.kg

Кыргызча айыл чарба жанылыктары

300гө жакын жеке ветеринарлар өзүлөрүнүн билимин жогорулатышты( Около 300 частных ветеринаров повысыли свою квалификацию)

12 марта 2018

 
1144953 3 2x
 
Талас жана Чүй облустарынын 300гө жакын жеке ветеринарлары 2017-жылы кошумча окуулардан өтүштү. Тренингдер Ветеринардык палатанын демилгеси менен КРнын Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдында ишке ашып жаткан «Жайыттарды жана мал чарбасын башкарууну жакшыртуу» долбоорунун алкагында болду.
Ветеринардык палатанын мастер-тренери, айыл чарба илимдеринин доктору Абдугани Абдурасулов адистер өз тармагында жыйынтыктуу иш алып барышы үчүн дайыма билимин жогорулатып туруусу, улам ооруларды дарылоонун ыкмалары өзгөрүлүп, жаңы препараттар пайда болуп жаткандыгын белгилейт.Тренингде Жайыт комитеттеринин мүчөлөрү дагы жеке ветеринарлар менен кызматташып, жайыттарга оорулуу же эмделбеген малдардын жайылуусун эскертип турууга, жаныбарлардын оорулары туурасында да маалымат алышты. Болуп өткөн окууларга үзбөй катышып келген Чүй облусунун Москва районунун Чапаев айыл аймагынын жеке ветеринары Шайлообек Джумакеев ар бир кесиптин ээси билимин жогорулатып туруу маанилүү экендигин белгилейт. “Тренингдин алкагында жумушубузга тиешелүү көп билим алдык. Мурда жеке ветеринарларга эч ким деле көңүл бурчу эмес. Ал эми долбоордун иштеп башташы менен бекер окуулар жүргүзүлүп, гранттар берилип жакшы болду. Ишмердүүлүгүбүздө жугуштуу ылаңдардын алдын алуу боюнча иш планын түзүүнү, эмдөөлөрдү кантип жүргүзүү керек экендигин билдик. Башкысы жүргүзүлүп жаткан окутуу тренингтеринин алкагында жеке ветеринарлардын жана мал ээлеринин укук-милдеттери жөнүндө да кеңири маалыматка ээ болдук”, - дейт ал. Ондон ашуун темада 2016-жылы 35 тренинг, 2017-жылы 103 окутуу тренингтери болуп өттү.
“Биздин негизги милдет жеке ветеринарлардын кесиптик билим деңгээлин дайыма жогорулатып туруусуна шарт түзүү, - дейт Ветеринардык палатанын директору Кубат Маматкулов. – КР Өкмөтүнүн 2018-ж. 15-январындагы “Кыргыз Республикасында жеке ветеринардык практиканы жөнгө салуу жөнүндөгү” №17 токтомуна ылайык, кээ бир мамлекеттик функцияларды аткаруу милдетин жеке ветеринарларга өткөрүп берүү каралган. Албетте мындай шартта, билимге жана кесипкөйлүккө болгон талап жогорулайт”, – дейт ал. Курсту аяктаган ветеринарларга сертификаттар тапшырылыды.
\
 
 
 

<< вернуться к списку новостей

Курсы валют Кыргызстана по отношению к сому
Онлайн Гипермаркет BANAN.KG. Как создать Интернет-магазин?
Торгово Промышленная Палата Кыргызстана партнер сайта agro.kg

Авторские права ОПАЛ 2006-2018

При поддержке:  

Рейтинг@Mail.ru   Яндекс.Метрика    

Design Елена Колесникова

Tsymbalov Цымбалов Разработка сайта создание портала интернет-магазин web-мастер дизайн сайта раскрутка сайта