Кыргызстанга келген жүк ташуучу унаалар

Кыргызстанга келген жүк ташуучу унаалар "тракторго" айланганда

Навигация

Агро новостиКыргызча айыл чарба жанылыктарыАгро-фотогалереяАгро ВидеоСтатьиАгроэкологияАгро-СтатистикаВыставкиЗаконодательствоКалендарь работКооперацияЖивотноводствоПтицеводствоРастениеводствоРазноеОбъявленияАгро-цитатыСотрудничествоАгрофорумУслуги сайтаЭкокластер Иссык-КульУдобрения Calpia KGИссык-Кульский БИО плодопитомникИнформер НовостейНОО "Приборист" - садоводческое или дачное товарищество.Капельное оборудование и тепличная пленка.

Полезные ссылки

ОсОО
Ferma.kg

Кыргызча айыл чарба жанылыктары

Кыргызстанга келген жүк ташуучу унаалар "тракторго" айланганда

7 апреля 2018

 
Тракторлор. Архив
 
Бажычылар бажы төлөмдөрүн төлөбөй коюуга жол ачкан деп шектелүүдө.
Башкы прокуратура бажы төлөмдөрүн жашыруудан мамлекетке 30 миллион сомдон ашык зыян келгенин аныктап, Кылмыш жаза кодексинин 303-беренеси ("Коррупция") боюнча кылмыш иш козгоду.Текшерүүнүн жыйынтыгында Башкы прокуратура 2011-жылдын 15-ноябрынан 2012-жылдын 10-январына чейин Кыргызстанга жеке жана юридикалык жактар жүк ташууга ыңгайлашкан DAF, MAN, IVECO, SCANIA жана башка маркадагы автоунааларды алып келгенин аныктаган.
Машиналарга жүк ташуучу автоунаа экенин тастыктаган ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин тышкы экономикалык ишмердигинин "8704" товардык номенклатурысынын коду берилиши керек болчу. Бул код боюнча бажы алымы бажы баасынын 10 пайызын түзөт.
"Бирок декларация толтурулуп жатканда аталган жүк ташуучу машиналарга "8701" коду — трактор деп берилген. Аталган код боюнча бажы төлөмү алынбайт", — деп айтылат маалыматта.
Башкы прокуратуранын билдиришинче, Борбордук бажы кызматынын инспекторлору билип туруп бардык 354 жүк ташуучу автоунааны "8701" коду менен трактор деп каттоого алган. Анын айынан мамлекетке 30 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.
Ишти УКМК тергеп жатат.
Буга чейин Салык кызматы да Кытайдан келген товарлардын кошумча нарк салыгы боюнча алдамчылыкка барганы аныкталган. Бул иш боюнча салык кызматынын беш өкүлү жана Салык кызматынын жетекчи орун басары кармалды. Алар иштен алынган.
 
https://sputnik.kg/economy/20180405/1038519350/zhuk-tashuu-avtounaa-aldamchylyk-zyyan.html

<< вернуться к списку новостей

Курсы валют Кыргызстана по отношению к сому
Онлайн Гипермаркет BANAN.KG. Как создать Интернет-магазин?
Торгово Промышленная Палата Кыргызстана партнер сайта agro.kg

Авторские права ОПАЛ 2006-2018

При поддержке:  

Рейтинг@Mail.ru   Яндекс.Метрика    

Design Елена Колесникова

Tsymbalov Цымбалов Разработка сайта создание портала интернет-магазин web-мастер дизайн сайта раскрутка сайта