Кочкорлук 25 жаштагы Эсенамантур 200 кг эт берген букаларды багат( Житель Кочкора занимается разведением быков весом более 200 кг)

Кочкорлук 25 жаштагы Эсенамантур 200 кг эт берген букаларды багат( Житель Кочкора занимается разведением быков весом более 200 кг)

Навигация

Агро новостиКыргызча айыл чарба жанылыктарыАгро-фотогалереяАгро ВидеоСтатьиАгроэкологияАгро-СтатистикаВыставкиЗаконодательствоКалендарь работКооперацияЖивотноводствоПтицеводствоРастениеводствоРазноеОбъявленияАгро-цитатыСотрудничествоАгрофорумУслуги сайтаЭкокластер Иссык-КульУдобрения Calpia KGИссык-Кульский БИО плодопитомникИнформер НовостейНОО "Приборист" - садоводческое или дачное товарищество.Капельное оборудование и тепличная пленка.

Полезные ссылки

ОсОО
Ferma.kg

Кыргызча айыл чарба жанылыктары

Кочкорлук 25 жаштагы Эсенамантур 200 кг эт берген букаларды багат( Житель Кочкора занимается разведением быков весом более 200 кг)

10 апреля 2018

 
 Кочкор районуна караштуу Чолпон айылынын 25 жаштагы тургуну Эсенамантур Ысман уулу мал багып киреше табууда. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча энергетик.«Кичинекей кезимден эле мал багып чоңойдум. Кесибим боюнча энергетикмин, бирок ал тармакта иштеген жокмун. Мал менен иштегендин ыгын таап, бул иш менен 4 жылдан бери алекмин. Учурда букаларды байлап сатып жатам. Учурда короодо 1,5 жаштагы 10 бука бар. Аларды былтыр жазында 12 миң сомдон сатып алып, жайлоого чыгаргам. Күзүндө келгенде дароо байлап баштадым. Эми аларды 4-5 ай байлап, андан кийин союп, этин сатам. 1 жаш буканы 5 ай байлагандан кийин 200 кг эт берет. Ал эми 10 буканы байлаганга, тактап айтканда 5 айга 300 түк беде, 1000 кг жем кетет», - деди ал
Эсенамантур мырза Нарын облусунун айылдарын кыдырып, мал алып, Кочкордун, Токмоктун мал базарларына сатарын кошумчалады.
«Базардагы жумуш жума сайын кайталанат. Мал алып-сатуунун сырын өзүм аралашып жүрүп үйрөндүм. Башында киреше түшпөй калган учурлар да болду. Бирок кийинчерээк көнүп, ыгын таап иштеп калдым. Ошондой эле 10 гектар жерге арпа, буудай, беде өстүрөм. Букалардын ар биринен болжол менен 30 миң сом түшөт деп жатам. Мал алып сатып, айына 50-70 миң сом табам. Келечекте мал багуу, сатуу боюнча ишкердикти өнүктүрсөм дейм», - деди ал.
 
http://www.turmush.kg/news

<< вернуться к списку новостей

Курсы валют Кыргызстана по отношению к сому
Онлайн Гипермаркет BANAN.KG. Как создать Интернет-магазин?
Торгово Промышленная Палата Кыргызстана партнер сайта agro.kg

Авторские права ОПАЛ 2006-2018

При поддержке:  

Рейтинг@Mail.ru   Яндекс.Метрика    

Design Елена Колесникова

Tsymbalov Цымбалов Разработка сайта создание портала интернет-магазин web-мастер дизайн сайта раскрутка сайта