Ат-Башылык

Ат-Башылык "миллионер" кыз озунун иши жонундо ( Девушка " миллионер " из Ат-Башинского района рассказывает о своём деле)

Навигация

Агро новостиКыргызча айыл чарба жанылыктарыАгро-фотогалереяАгро ВидеоСтатьиАгроэкологияАгро-СтатистикаВыставкиЗаконодательствоКалендарь работКооперацияЖивотноводствоПтицеводствоРастениеводствоРазноеОбъявленияАгро-цитатыСотрудничествоАгрофорумУслуги сайтаЭкокластер Иссык-КульУдобрения Calpia KGИссык-Кульский БИО плодопитомникИнформер НовостейНОО "Приборист" - садоводческое или дачное товарищество.Капельное оборудование и тепличная пленка.

Полезные ссылки

ОсОО
Ferma.kg

Кыргызча айыл чарба жанылыктары

Ат-Башылык "миллионер" кыз озунун иши жонундо ( Девушка " миллионер " из Ат-Башинского района рассказывает о своём деле)

11 апреля 2018

 

 
 
Ача-Кайыңды айылындагы фермер Замира 70 чамалуу топоздун башын көп өтпөй жарым миңге жакындаткан. Кыргызстандын эң суук аймагында аяздуу ызгарга моюн бербей, дал ошол жерге помидор бадыраң өстүрүү Замиранын кыялы.
Би-Би-Си фермер кызга кайрылып чарба түйшүгү, чек ара аймагындагы жашоо жана жеке турмушу жөнүндө кенен аңгемелешти.Замира Омората: Атам 2008- жылы "Замира, айылга келип жардамдашып койчу" деп чыкырып калды. Мен барганда деле жер айдайм же майда-барат болсо керек деп болжогом. Иш жүзүндө топоз туш келип калды.Топозду мен ылдыйдан өйдө карай тааныдым. Барып эле башкарып калган жокмун. Топоз жоготуп ийип айлап үй бетин көрбөй издеген күндөрүм болду. Жалпысынан ал баскычтан өткүчө эки жылым кетти.
Ача-Кайыңыды айылындагы фермер Замира ОморатаАзыр кандай таттуу уйкуда жатсам да, туруп алып топоз жөнүндө сураса чочубай туруп айтып берем. Нөлдөн баштаган киши билет экен да. Топозчулукту бар түйшүгүн баштан өткөрдүм. 16 га жер да иштеттим. Кээде бир күндө 1500 боо чөп жыйнаган күндөрүм болду. Аны жыйып үлгүрө албай атсам тайым жоголуп кеткенин кантейин, анан аны издедим. Анкени атам мал жайлабаган киши эле, үйдөгү малды апам жайлачу.
Би-Би-Си: Негизи кайсы багытта билим алгансыз?
 
Замира Омората: Программистмин. IT деп коёт эмеспи. Андан кийин бухгалтердик кесипти окуп экинчи жогорку билимди алдым. Аудит деп коёбуз. Азыр юриспруденцияны окуп жатам.
 
Би-Би-Си: Эсеп-кысап бөлүмүн, программалоону окуптурсуз эми юриспруденцияга киришкен экенсиз. Программалоо менен аудит тармагы сизге пайдасын тийгиздиби?
 
Замира Омората: Баардык жерде эсеп-кысап болуш керек. Чөнтөгүмдө канча сом турса ошону бүгүн жоготом. Атам болсо сарптаган акчасын тыйынына чейин баланчага кетти деп жазчу. Мен ал кишидей тыкыс кармай албайм, дароо коротуп жиберем.Ошон үчүн мен күнүмдүк керектөөмө мобул сумма жетет деп жаныма ошону гана алам, ошону гана коротом. Чарбама андан сырткары акчага ушундай мамилеме жардам берээр аудитти окугам.Замира Омората: Менин үлгүм - атам. Мен ошол кишидей болгум келет. Жөнөкөй, берешен.
Би-Би-Си: Мисалы программалоону азыр пайдаланасызбы кайсы бир жерде, же такыр эле диплом чаң басып калып калдыбы?
Замира Омората: Чаң басты десек да болот. Иштегенге да убактым жок, эрте менен жетиде туруп, кечинде саат сегизде чарчап келем. Колдо жыйырма чакты жылкыбыз, уйубуз бар - ошонун баарын өзүм тейлейм. Жөө баскан мага аябай жагат. Мажбур болсом ат менен, андан кийин анан машина айдайм.Би-Би-Си: Жогорку окуу жайды окуп шаар турмушун жакшы эле билет экенсиз. Элетте жүрүп шаарды сагынасызбы?Замира Омората: Шаарды бирден-бир жаман көргөн себебим - шаардын климаты. Нымдуу келет эмеспи, ошону жактырбайм. Түтүндөнбү дейм бул эмнеден экенин билбейм, шаарга кирип келе жатканда эле башым ооруп, кеткенче шашам.Натыйжалуу башкарылган өлкөдө жашоо кандай болот?Айылда жумуштун оордугунан да качкың келип кетет кээде. Шаарда эле жатсам жыргабайт белем деп кеткен учурлар болот. Бирок бүгүн уктап эле эртен кайра күнүмдүк турмуш менен агам. Бирок мен баары бир айылды шаардан бийик көрөм.
Би-Би-Си: Жакынкы беш же он жылда сизден эмнени күтсөк болот?
 
Замира Омората: Азыр мен теплицага кызыгым жүрөм. Сүйлөөшүүлөр жүрүп жатат. Айылга адегенде чаканыраак кылып күзүндө жасайлы деп турабыз. Иштеп кетсе андан чоңураак жасайм. Маселен, мен картошка айдайм. Бир химикат колдонбойм. Мен химикатсыз картошка жесем эмнеге башка бирөөнүн баласы химикат колдонгон картошка жеш керек деген мүдөнү көздөп, ошону жасайм.
Замира Омората: таза азык-түлүк деген кол жеткис буюмдай болбошу керек.Азыр салаттын түрү чыгып калган бүт эле помидор, бүт эле бадыраң колдонот. Ошону да өзүм өстүрүп алсам дейм. Бизде табийгый нерсе, таза азык-түлүк деген кол жеткис буюмдай болбошу керек.
 
Би-Би-Си: Ат-Башы сиздин кичи мекениңиз. Ал чөлкөм үлкөн ишкерлердин мекени катары Кыргызстанга жакшы белгилүү. Сиз алар менен кайсы бир деңгээлде атаандашып иш кыласызбы же алар менен такыр эсептешпейсизби?Замира Омората: Ар бирибиздин жолубуз ар башка. Мен чабанмын, чабан бойдон калам, калгым келет. Мен жөнөкөй болуп калгым келет. Мен деле шиш така кийип, чачты жасап, макияж колдонуп баскым келет. Бирок ал менин өзүмдүн табиятыма жарашпайт. Мен аны каалабайм. Менин үлгүм - атам. Мен ошол кишидей болгум келет. Жөнөкөй, берешен.Замира Омората: Биз 2020-жылга чейин топоз союууга өзүбүз мараторий койгонбуз
Би-Би-Си: Сизди сурамжылыганыбызда "оо ал кишинин атасы районго аты чыккан киши, тетири кеткендердин азабын колуна берген. Ушундай киши эле бүт район таанычу" деп айтып калышты. Атаңыз жөнүндө учкай эскерип берсеңиз.Замира Омората: Атамдын каймана аты "Гестапа". Ал атты эл койгон. Муну себеби тактыгында, чынчылдыгында. Издегендерге Ат-Башыдагы Гестапанын кызы Замира десеңер батыраак табасыңар десем көп киши таң калат. Адатта башкалар мындайга теригет да. А мен сыймыктанам. Мен атам тактыгынан "Гестапа" болгонуна сыймыктанам.Би-Би-Си: Эми чарбанын түйшүгүнө келсек. Эмнесинен ыракат аласыз, эмнеси сизди чарчатат? Мисалы, топозду канча башты кабыл алдыңыз эле бүгүн канчага жетти? Пландарыңыз кандай аткарылып жатат?Замира Омората: Кээ бири айтат Замира топоз союп берип жибербейсинби согумга андай же мындай деп. Биз 2020-жылга чейин топоз союууга өзүбүз мараторий койгонбуз. Бирок аны сүйлөшүүлөр менен 2025-жылга чейин чыгарсакпы деп ойлоп жатам.Башында 76 баш кабыл алгам. Быйылкы төлдү кошпогондо 400 башка жетти. Жакында 1000ден ашаарыбызга толук көзүм жетет.Замира Омората: Муну менен эле токтоп калбай сапаттуу койду көбөйтсом деп турамМуну менен эле токтоп калбай сапаттуу койду көбөйтсом деп турам. Aнкени топоз бир нукка келген, аны эч ким эч нерсе кыла албайт. Буюрса өз нугуна толук түшкөн. Кой менен ийгиликтерге батыраак жетемби деген да ой кетип жатат да.Азыр элдеги койдун көбү майдаланып кетти. Туягын эле санамай. Эти жараса жүнү жарабайт, жүнү жараса эти ойдогудай эмес. Мен ушуну колго алам. Буга чейин мамлекеттик жумушун да, башкасын да иштеп көрдүм, бирок айланып-тегеренип эле малга келем.
Би-Би-Си: Агаларыңыз-инилериңиз малга сизчелик жакынбы?
 
Замира Омората: Мен 8 бир тууганмын - 4 кыз, 4 эркекпиз. Малга менчелик жакын эч кимиси жок.Кочкордун Шамшы деген айылы бар. Ошол жерде Улар деген байке жашайт. Ошол кишинин койлорунун тукмунан алсам деп жатам. Бизде өзүбүздүн кыргыз койлор жоголуп баратат. Мына гисар, эделвей деп эле көп парода багып атабыз. Бирок өзүбүздүн кыргыз койлор суукка чыдамдуу, жүнү да жумшак. Ошол эле кара кой издеп таап, көбөйтсөм деген ниетим бар. Мисалы, гисар койдун жүнүн кап-кап кылып эле өрттөмөй. Же кийизге же башкасына жарабайт.
Би-Би-Си: Негизи аял кишиге чарба канчалык түйшүктүү эбенЗамира Омората: Тилин таап алса оңой эле. Биз болгону өзүбүздүн мээбизге сиңирип алаганбыз бул аялдын, тигил эркектин жумушу деп.Бизде андай болгон эмес. Мисалы, атамдын болгон эркелеткен сөзү "оо балам" эле. Кыйратып жумуш жасап жатсаң да "оо балам" болчу. Деле бир жолу кызым деп айтканын угуп же көргөн жокмун.Бизди кыз, эркек деп бөлгөн эмес. Байкем деле идиш жууйт, байкем деле тамак жасайт, байкем да пол жууйт. Ошол эле Ак-Сайлыктарды алалы. Бүт баары ооккатты ылгабай кылат.Кокус күйөөсү ооруп калса аялы топоз издеп, топоз кайтарат. Aл эми аялы үйүндө жок болсо, эркек ошол эле байкелерим идишин, полун жууп, үйүн жакшынакай кылып ирээттүү кылып каралашат. Аял, эрекетики деп олтуруп алышса оокат өтөбү?Замира Омората: Биз кыргыздар менен кытайлыктар өңү-түсүбүз кандай айырмаланып турса, топоздор да ошондой айырмаланат
Би-Би-Си: Ат-Башы Кытай менен чектеш. Учурунда мал ооп кетип, чек арадан кирип же бери чыгып кетиптир деген кеп сөздөр айтылчу эле. Бүгүн деле ошондойбу?
 
Замира Омората: Ооба өтүп кетет. Мал деген мал. Кандай кайтарсаң дагы сенден амалдуу болот.Биз кыргыздар менен кытайлыктар өңү-түсүбүз кандай айырмаланып турса, топоздор да ошондой айырмаланат. Топозду көрүп эле тааныйсың - аа бул кытайдан келиптир деп. Алардын топоздору башкачараак келет. Көз менен көрүп жаземдебей тааныйм. Бирок азыр сөз менен сизге түшүндүрүү оорурак болуп турат.Кандай десем, моюн жагы менен десемби, иши кылса тулкусунда айырма бар. Биздики ары ашып кеткенине көзүбүз жетсе, изинен кубалап чек арачыларга чалып айтабыз. Застава аскер бөлүккө билдирет анан алар Кытай бетине айттырат.Бизге ашып келсе да ушундай эле тартип. Мен көрүп калсам, биздин чабандар деле көрүп калса ал айттырат. Анткени кишинин эмгеги талаага кетпеш керек. Биз кандай зарлап ыйласак, алар да андан бетер зарлап ыйлашат.топоз.Кытайлык кыргыздар менен жолугушуп турабыз. Ал кандай болот? Биздин мамлекет менен алардын мамлекети сүйлөшүү жолдору менен бир жерде жолугушуу болот. Анан суранып олтуруп барабыз.Бир саам кытайлык кыргыздар айтып калышкан экен, ал кепти менин да кулагым чалган. 2014- жылдан бери 10 үйүр жылкы, жүздөгөн топоз биз жакка ооп кетип, дайынсыз жок болгон экен. Жер ооп дайынсыз кеткенден мурда дагы "эки бутту карышкырлар" алып кеткен күндөр болот. Бирок биз ким экенин билебиз, ага көзүбүз да жетип турат. Бирок колунан кармай албай жүрөбүз.
 
Би-Би-Си: Ушундай чарбагер адамдын эми үй-бүлөлүк турмушу кандай болот, жакында эмне болот экен? Аялдык бакыты кандай болду экен деп кызыккандар жок эмес болсо керек?
 
Замира Омората: Эми мен бул жерде эркек балдарга кеңеш берээр элем. Азыр отуздан ашып калдым. Буга чейин бир да эркектин өзүнөн күчтүү аялды алганын көрө элекмин.Ушул жерден айтып кетет элем. Баары бир эч качан аялдай амалдуу боло албайсың. Аялдын амалы түгөнгүс да. Бирок ошол эле учурда кичине эле бир жерден амал таап кетип, ошол күчтүү аялды алып калса, ал эркек эң бактылуу киши. Ошону коё берип эле жибербесе…Mына отуздан аштым. Дагы бир кайталайм. Бир да эркек күчтүү аял алган жок. Бүт баары барып-барып эле өзүнөн алсызыраакты алат.Кой жөнүндө биз билген-билбеген чындыкБилим алуу укугунан ажырап, турмуш запкысына кабылган тажик кыздарыОшондон улам тамашалап келем. Ошондой бир амалдуу киши болсо мен өзүм эле барып кирип алмакмын. Ага даярмын.Кыз кишинин бактысын эртеңби, бүрсүгүнүбү билбейм. Менин да бактым тургандыр. Эртеңби, бүрсүгүнү келип калса - эми кудайым деп турабыз. Мага сөз айткандар көп, бирок, алар менден алсызыраак болсо жеп ташатайм.Мен өзүм ошондон корком. Ошон үчүн менден күчтүүрөөк болушу керек.
 
 
BBC.KG
 

<< вернуться к списку новостей

Курсы валют Кыргызстана по отношению к сому
Онлайн Гипермаркет BANAN.KG. Как создать Интернет-магазин?
Торгово Промышленная Палата Кыргызстана партнер сайта agro.kg

Авторские права ОПАЛ 2006-2018

При поддержке:  

Рейтинг@Mail.ru   Яндекс.Метрика    

Design Елена Колесникова

Tsymbalov Цымбалов Разработка сайта создание портала интернет-магазин web-мастер дизайн сайта раскрутка сайта