Бөдөнөлөрдү жасалма жол менен көбөйткөн М.Ункулов алардын ар биринен жылына 300 жумуртка алат

Бөдөнөлөрдү жасалма жол менен көбөйткөн М.Ункулов алардын ар биринен жылына 300 жумуртка алат

Навигация

Агро новостиКыргызча айыл чарба жанылыктарыАгро-фотогалереяАгро ВидеоСтатьиАгроэкологияАгро-СтатистикаВыставкиЗаконодательствоКалендарь работКооперацияЖивотноводствоПтицеводствоРастениеводствоРазноеОбъявленияАгро-цитатыСотрудничествоАгрофорумУслуги сайтаЭкокластер Иссык-КульУдобрения Calpia KGИссык-Кульский БИО плодопитомникИнформер НовостейНОО "Приборист" - садоводческое или дачное товарищество.Капельное оборудование и тепличная пленка.

Полезные ссылки

ОсОО
Ferma.kg

Кыргызча айыл чарба жанылыктары

Бөдөнөлөрдү жасалма жол менен көбөйткөн М.Ункулов алардын ар биринен жылына 300 жумуртка алат

29 мая 2018

 
 

 
Ош шаарынын Жапалак айыл аймагынын тургуну Маматмуса Ункулов бөдөнөлөрдү жасалма жол менен көбөйтүп жатат. Ал учурда канаттуулардын башка түрлөрүн өстүрүүнү пландап жатканын аймактык кабарчыга айтып берди.Айыл шартында бөдөнөлөрдү жасалма жол менен өстүрүүнүн ыкмасын тапкан тургун интернеттин жардамы аркылуу тилегин орундатканын айтты.«Канаттууларды өстүрүү эзелки тилегим болчу. Көңүлгө төп келген ишти жасоо адамга ырахат тартуулайт. Өзүңдүн сүйгөн ишиң менен алектенүү кандай сонун. Технология өнүккөн заманда интернеттин жардамы менен бөдөнөнү багуунун, кароонун, чоңойтуунун жолун үйрөндүм. Бөдөнө бакканыма эки жыл болду. Аларды 8 жолу жасалма жол менен көбөйттүм. Учурда жасалма жол менен өндүрүлгөн бөдөнөлөр атайын жайда багылып жатат. Алгач досумдан 50 бөдөнө алып, анын жумурткаларын жасалма жол менен өндүргөм», - деди ал.
 
М.Ункулов жыгачтан төрт бурчтуу жай жасап, анын алдына айнек кадаган. Ал даяр болгон жайга жасалма жол менен чыгарылган бөдөнөлөрдүн балапандарын киргизет.«Бөдөнөлөрдү бага турган жайдын жасалышын да интернеттен көрдүм. Интернетте алар атайын материалдар менен ширетилип жасалган. Бирок менде андай мүмкүнчүлүк жок болгондуктан жыгач, тор, айнектен кураштырып жасап, бөдөнөлөрдү багып жатам. Даярдалган жайды дагы төрткө бөлүп, биринчи бөлүгүнө жайында чыккан балапандар, экинчисине андан чоңураактары сакталат. Ал эми үчүнчү бөлүгүндө жумуртка берүүгө жарап калгандар, төртүнчүдө оорулуу бөдөнөлөр багылат. Аларды багууга көп деле убакыт кетпейт. Убагында жем-суусу берилсе, жумурткалай берет», - деди ал.
Учурда М.Ункуловдун чарбасындагы бөдөнөлөрдүн саны 500гө жетти. Анын ичинен 100гө жакын бөдөнө жумуртка берүүгө жарайт.
«Бүгүнкү күндө жалпы 500 бөдөнөм бар. Алардын 100ү жумуртка берүүгө жараса, калганы жаш болуп саналат. 100 бөдөнөнүн ичинен 20сы эркек бөдөнөлөр. Бир бөдөнө жылына 250-300 жумуртка тууса, 100 бөдөнө күнүнө 50 жумуртка берет. Буга чейин бөдөнөлөрдү буйрутма кылгандарга сатууга жетиштим. Бөдөнөлөрдөн түшкөн пайда үй-бүлөмдү багууга кенен жетет», - деди М.Ункулов.
 
 
 
 
http://www.turmush.kg/news:346319?from=turmush&place=byregion

<< вернуться к списку новостей

Курсы валют Кыргызстана по отношению к сому
Онлайн Гипермаркет BANAN.KG. Как создать Интернет-магазин?
Торгово Промышленная Палата Кыргызстана партнер сайта agro.kg

Авторские права ОПАЛ 2006-2018

При поддержке:  

Рейтинг@Mail.ru   Яндекс.Метрика    

Design Елена Колесникова

Tsymbalov Цымбалов Разработка сайта создание портала интернет-магазин web-мастер дизайн сайта раскрутка сайта