Баткендик А.Муратов бир туугандары менен 15 гектар жерди иштетип багбанчылык кылууда

Баткендик А.Муратов бир туугандары менен 15 гектар жерди иштетип багбанчылык кылууда

Навигация

Агро новостиКыргызча айыл чарба жанылыктарыАгро-фотогалереяАгро ВидеоСтатьиАгроэкологияАгро-СтатистикаВыставкиЗаконодательствоКалендарь работКооперацияЖивотноводствоПтицеводствоРастениеводствоРазноеОбъявленияАгро-цитатыСотрудничествоАгрофорумУслуги сайтаЭкокластер Иссык-КульУдобрения Calpia KGИссык-Кульский БИО плодопитомникИнформер НовостейНОО "Приборист" - садоводческое или дачное товарищество.Капельное оборудование и тепличная пленка.

Полезные ссылки

ОсОО
Ferma.kg

Кыргызча айыл чарба жанылыктары

Баткендик А.Муратов бир туугандары менен 15 гектар жерди иштетип багбанчылык кылууда

1 июня 2018

 

 
 
Баткен районунун Паскы-Арык айылынын тургуну Абди Муратов СССР тарагандан бери бир туугандары менен «Өрүкзар» дыйкан-фермердик чарбасын түзүп иштетип келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча агроном. 1996-жылы Миң-Өрүк айылынан 15 гектар жерди өздөштүрүп, ага өрүк, алма, терек көчөттөрүн өстүрүп, айылды түптөгөндөрдүн бири болгон. Азыр «Сабыр ата» айыл чарба кооперативин түзүп, анда 30 адам иштеп жатат.
«Азыркы күндө Ак-Татыр айыл аймагынын Рават айылынан 248 гектар жерди 49 жылга ижарага алып иштете баштадык. Бүгүнкү күнгө карата анын 30 гектарына 1500 түп карлик алма көчөттөрү жана 9 миңден ашуун кара өрүк көчөттөрү отургузулду. Аксынын кара өрүгүн өстүрүү Раваттын климаттык шартына туура келгендиктен аны биздин аймакта да көбөйтүп киреше алуунун аракеттерин көрүп жатабыз. Бул жер аянтын мөмөлүү бак-дарактарга айландырып, аларды тамчылатып сугаруу жолу менен өстүрүү боюнча израилдик фермерлер менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз.
Мөмөлүү бак-дарактардын аянтын көбөйтүү максатында Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондуна 31 млн сомдук долбоор жазып барсам, «жазылган долбоордо жердин аянты чоң экен, 1 млн доллардан ашуун болсо түз каржылап берет элек» деген сунуштарын айтышты. Анан 100 гектар жерге ылайыкташкан жалпы суммасы 72 млн сомдук долбоор жазып тапшырып келдим. Эми алардан жооп күтүп жатам. Бирок ал долбоордун ишке ашышын күтпөстөн өзүбүздүн эле күчүбүз менен жерди өздөштүрө баштадык. Мындан сырткары бакчылыкты өнүктүрүү боюнча АРИСке дагы 50 миң долларга долбоор жазып сунуштадым», - деди ал.
 
http://www.turmush.kg/news:344287?from=turmush&place=byregion
 
 
 

<< вернуться к списку новостей

Курсы валют Кыргызстана по отношению к сому
Онлайн Гипермаркет BANAN.KG. Как создать Интернет-магазин?
Торгово Промышленная Палата Кыргызстана партнер сайта agro.kg

Авторские права ОПАЛ 2006-2018

При поддержке:  

Рейтинг@Mail.ru   Яндекс.Метрика    

Design Елена Колесникова

Tsymbalov Цымбалов Разработка сайта создание портала интернет-магазин web-мастер дизайн сайта раскрутка сайта