Ысык-көлдүк депутат кирешелүү асыл тукум уйларды багууда ( Фермер-депутат из Ыссык-кульской области занимается разведением племенных коров)

Ысык-көлдүк депутат кирешелүү асыл тукум уйларды багууда ( Фермер-депутат из Ыссык-кульской области занимается разведением племенных коров)

Навигация

Агро новостиКыргызча айыл чарба жанылыктарыАгро-фотогалереяАгро ВидеоСтатьиАгроэкологияАгро-СтатистикаВыставкиЗаконодательствоКалендарь работКооперацияЖивотноводствоПтицеводствоРастениеводствоРазноеОбъявленияАгро-цитатыСотрудничествоАгрофорумУслуги сайтаЭкокластер Иссык-КульУдобрения Calpia KGИссык-Кульский БИО плодопитомникИнформер НовостейНОО "Приборист" - садоводческое или дачное товарищество.Капельное оборудование и тепличная пленка.

Полезные ссылки

ОсОО
Ferma.kg

Кыргызча айыл чарба жанылыктары

Ысык-көлдүк депутат кирешелүү асыл тукум уйларды багууда ( Фермер-депутат из Ыссык-кульской области занимается разведением племенных коров)

24 ноября 2018


Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кичи-Жаргылчак айылынын 45 жаштагы тургуну Алмазбек Бекболотов асыл тукум уйларды багуу менен алектенет. Аймактык кабарчы фермер менен таанышты.
Өзүнүн айтымында, ал Кыргыз улуттук университетинин география факультетин бүткөн. Учурда Кичи-Жаргылчак айылдык кеңешинин депутаты болуп иштөөдөн тышкары, мал чарбасын өнүктүрүүдө.
«Айыл жеринде кой, жылкы, уй багабыз. Акыркы бир жылдан бери асыл тукум уй багып жатам. Учурда бир баш швиц тукумундагы уй жана бир баш букачарым бар. Мындан тышкары, сүт багытындагы эки баш ала-тоо породасындагы уй жана голштин-фриз породасындагы бир уй багып жатам. Ала-тоо жана швиц уйлары биздин шартка ылайык болсо, голштин породасы анча ылайык эмес экен.
Бул уйлар жылына 3000-4000 литр сүт берет. Ал эми голштин породасындагы уйлар күнүнө 15-25 литрден, жылына 4500-6000 литрге чейин сүт берет. Мындан улам жылына 180 миң сом киреше тапса болот», - дейт ал.Анын айтымында, асыл тукум уйларды багуу менен жакшы киреше тапса болот.
«Айылда жашаган соң чарба иштерин колго алууга туура келди. Эсептеп көрүп, өзүнүн чыгымын актайт деген ниетте уй багууну чечтим. Асыл тукум мал кымбат турат, эгер аны багып, сатыкка чыгарса айыл жеринде жакшы киреше түшөт. Азыр породалуу үч саан уй багып, сүтүнүн бир литрин 16 сомдон, суук түшкөндөн бери 27-35 сомдон сатып жатабыз. Бул дагы үй-бүлөлүк казынага салым болууда», - дейт ал.
Анын айтымында, ал айылдык кеңештин депутаты катары аймакка инвестиция тартууга аракет кылууда.
«Айылда көйгөлүү маселелер абдан көп. Айылдын социалдык-экономикалык абалын, элдин жашоо шартын жакшыртуу максатында чет элдик уюмдарга долбоор жазам. Эгерде долбоорлор колдоо тапса, айыл элине бир топ жардам берсе болот.
Учурда айылга инвестиция тартууну, мал чарбасын өнүктүрүп, премьер-министрден асыл тукум чарба деген күбөлүк алууну, интернеттен кыргыз фермерлери тууралуу канал ачууну пландап жатам», - деди ал.
 
 
https://www.turmush.kg/news:355868?from=turmush&place=byregion

<< вернуться к списку новостей

Курсы валют Кыргызстана по отношению к сому
Онлайн Гипермаркет BANAN.KG. Как создать Интернет-магазин?
Торгово Промышленная Палата Кыргызстана партнер сайта agro.kg

Авторские права ОПАЛ 2006-2018

При поддержке:  

Рейтинг@Mail.ru   Яндекс.Метрика    

Design Елена Колесникова

Tsymbalov Цымбалов Разработка сайта создание портала интернет-магазин web-мастер дизайн сайта раскрутка сайта