Бакай-аталык уста Ө.Сулайманов өрүктөн как жасоочу жабдык жасап, ишкерлик кыла баштады

Бакай-аталык уста Ө.Сулайманов өрүктөн как жасоочу жабдык жасап, ишкерлик кыла баштады

Навигация

Агро новостиКыргызча айыл чарба жанылыктарыАгро-фотогалереяАгро ВидеоСтатьиАгроэкологияАгро-СтатистикаВыставкиЗаконодательствоКалендарь работКооперацияЖивотноводствоПтицеводствоРастениеводствоРазноеОбъявленияАгро-цитатыСотрудничествоАгрофорумУслуги сайтаЭкокластер Иссык-КульУдобрения Calpia KGИссык-Кульский БИО плодопитомникИнформер НовостейНОО "Приборист" - садоводческое или дачное товарищество.Капельное оборудование и тепличная пленка.

Полезные ссылки

ОсОО
Ferma.kg

Кыргызча айыл чарба жанылыктары

Бакай-аталык уста Ө.Сулайманов өрүктөн как жасоочу жабдык жасап, ишкерлик кыла баштады

26 ноября 2018


Бакай-Ата районуна караштуу Боо-Терек айылындагы темир уста Өмүрзак Сулайманов өрүк кургатуучу жабдык иштетүүдө. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.Өзүнүн айтымында, кесиби боюнча сүрөтчү жана кооздочу. 1986-жылы С.Чокморов атындагы көркөм сүрөт окуу жайын аяктап, 20 жашында мугалим болуп эмгектенип баштаган.«6 жыл сүрөт сабагынан мугалим болуп эмгектенип жүрдүм. Кийин жашоо шартка байланыштуу чет өлкөгө барып, устачылык боюнча иштеп калдым. Өзүмө көп тажрыйба топтоп келдим десем болот. Айылга келип, жергиликтүү тургундарга керектүү буюмдарын жасап берип жүрдүм. Мени «Уста байке» деп атап алышкан. Үйгө келгенде дагы «Уста байкенин үйү ушул бекен?» деп келишет (күлүп). Азыркы учурда темир ширетүү менен иштейм. Буйрутмалар абдан көп түшүп турат. Айрыкча жаз айларынан тарта башым темирден чыкпайт. Кардардын көңүлүнөн чыккан акчасына жасап берем. Атайлап бир сумманы деле айтпайм», - деди ал.Каарманыбыз буга катар эле быйыл атайын өрүктөрдү кургатуучу жабдык жасаганын кошумчалады.«Ал жабдык кара өрүктү кургатып, как кылат. Быйыл кара өрүк арзан болуп калганына байланыштуу как кылып кургатууну туура көрдүм. Өзүмдүн түшүм берип келген 22 түп кара өрүгүм бар. Быйылкы түшүмү 300 кг түздү. Анын баарын өрүк как кылып кургаттым. Өрүк кургатуунун күнгө, отко жана атайын жабдыкка кургатылганы болуп 3 түрү болот экен. Меники күнгө жана жабдыкка кургатылган. Күнгө кургаган өрүк күрөң боз болуп, таттуулугу аз жана катуу болуп калат экен. Ал эми атайын жабдыкка кургатылган өрүк жумшак жана таттуу болот. Бирок атайын жабдыкка кургаткандын убарасы көп. Кургабай калган өрүктү кайра терип алып кургатасың. Ошентип отуруп 15-20 күндүн ичинде 300 кг өрүктү кургатып алдым. Азыркы учурда 200 түп кара өрүк бар. Түшүм берип баштаса жалаң бул иш менен алектенемКүнгө кургатканда алгач казанга суу коюп, аны кайнатабыз. Кайнаган сууга өрүктү салып, үстүнө туз кошуп аралаштырып, 5 мүнөттөн кийин сузуп алып, күнгө жайып кургатат. Кургагандан кийин атайын муздакты сактоочу жабдыкка салып коёбуз.Башында үй-бүлөм бул ишиме каршы болушкан. Кийин жыйынтыгы жакшы болгондо келе жаткан жылга даярданып калышты. Азыркы учурда 100 кг өрүк какты сатып койдум. Ар бир кг 200 сомдон саттым. Билинбегени менен жакшы эле акча болду. Үйгө чейин издеп келип, көргөндөр көп болуп жатат. «Өзүңдүкүндөй кургатуучу жабдык жасап бер» деп кезекке турган адамдар көбөйдү», - деди ал.
 
https://www.turmush.kg/news:355991

<< вернуться к списку новостей

Курсы валют Кыргызстана по отношению к сому
Онлайн Гипермаркет BANAN.KG. Как создать Интернет-магазин?
Торгово Промышленная Палата Кыргызстана партнер сайта agro.kg

Авторские права ОПАЛ 2006-2018

При поддержке:  

Рейтинг@Mail.ru   Яндекс.Метрика    

Design Елена Колесникова

Tsymbalov Цымбалов Разработка сайта создание портала интернет-магазин web-мастер дизайн сайта раскрутка сайта