3 миң долларлык жылкылар: Таластык Биримкул ата 30 жылдан бери асыл тукум жылкыларды багып келе жатат

3 миң долларлык жылкылар: Таластык Биримкул ата 30 жылдан бери асыл тукум жылкыларды багып келе жатат

Навигация

Агро новостиКыргызча айыл чарба жанылыктарыАгро-фотогалереяАгро ВидеоСтатьиАгроэкологияАгро-СтатистикаВыставкиЗаконодательствоКалендарь работКооперацияЖивотноводствоПтицеводствоРастениеводствоРазноеОбъявленияАгро-цитатыСотрудничествоАгрофорумУслуги сайтаЭкокластер Иссык-КульУдобрения Calpia KGИссык-Кульский БИО плодопитомникИнформер НовостейНОО "Приборист" - садоводческое или дачное товарищество.Капельное оборудование и тепличная пленка.

Полезные ссылки

ОсОО
Ferma.kg

Кыргызча айыл чарба жанылыктары

3 миң долларлык жылкылар: Таластык Биримкул ата 30 жылдан бери асыл тукум жылкыларды багып келе жатат

28 ноября 2018


 
Талас районунун Манас айылындагы 78 жаштагы Дербишов Биримкул ата асыл тукумдуу жылкыларды багып келе жатат. Аймактык кабарчы жылкычы аксакал менен таанышты.Өзүнүн айтымында, мал чарбачылык менен кичинесинен эле алектенет. Жылкылардын алды 3 миң долларга чейин бааланат.«Атам Дербиш согушка кеткен боюнча кайтып келген жок. Өзүм 2 бир тууганмын. 82 жаштагы эжем бар. Апам бизди жалгыз тарбиялап чоңойткон. Жалгыз бала болгондуктан жашыман эле малга жакын болуп, үйлөнгөндөн тарта кемпирим экөөбүз чабан болуп жашап келдик. Байбичем кайтыш болуп кетти. Азыр да мал-жандыктар менен алектенем. Анын ичинде асыл тукумдуу жылкыларды багам. Жылкы бакканыма кеминде 30 жылдан ашып кетти.Жаш кезимден эле жылкыга жакын болдум. Алардын сырларын жакшы билип кийинчирээк көбөйтө баштагам. Негизи эле мал багуу көп эмгекти талап кылат эмеспи. Айрыкча тукумун көбөйтөйүн деп асыл тукумдуу жылкыларды көздүн карегиндей карайм.Жылкыларга жемдерди балам экөөбүз даярдайбыз. Талаага өзүбүз арпа, буудай жана жүгөрү эгебиз. Чөптөрүн дагы кышка кенен кылып даярдап коёбуз. Анын үстүндө эч кандай химиялык зат аралаштырбай өстүрөбүз. Жылкылардын ден соолугуна жакшы карайм. Анткени ооруп кала турган болсо күчсүз болуп калат. Асыл тукум жылкылар менен бирге кулундуу 5 бээ, 2 тай жана 3 кунан бар. Бээлерди жазында шаардагы ахалтеке айгырга кошуп тукум алабыз. Жумушчу ат жок. Жалаң гана асыл тукум жылкылар. Өздөрүнө тың жана күчтүүлөр.Небере балдарым менен машыктырып чуркатып турабыз. Жаш баладай мамиле жасап жем- суусун өз убагында берем. Баш аламан эле бере бербейм. Убактылары болот, ошол убакта берилет. Көбүнчө көк бөрү чапканга даярдап келебиз. Көк бөрүдөн байгелүү орундарга ээ болуп жүрүшөт. Жылкыларды өз убагында эмдөөдөн өткөзүп турам. Ар кандай илдеттерден алыс кылып, ветеринарларга текшертип коём», - деди ал.Каарманыбыз буга катар эле жылкыларды сатып бизнес кылуу үчүн эмес, көбөйтүү үчүн багарын кошумчалады.«Бишкекте асыл тукум жылкы баккандар жогору баага сатып алышат. Алар сатып алайын дегенде жылкынын тээ жети атасынан бери айтып маалымат берем. Жылкылар көбүнчөсү Квргызстандын ичине сатылат. Жылыларым былтыр 200 миң сомдон Талас ичине жана Бишкекке сатылган. Жылына 1-2 жылкы сатылат. Көк бөрү оюнуна салганга алып кетишкен.Жылкыларды бизнес үчүн таптабайм. Көбөйтөйүн деп максат кылам. Жылкы баккандан кийин кызыгып эл келе беришет экен сатып алуу үчүн. Андыктан жылына айрымдары гана сатылат.Ар биринин кылык жоругун, кандай маанайда экенин адамдардыкындай эле билип калгам. Мага кичүү балам жана небере балам мал бакканга жардамдашат. Карып калдым деп отура албайм. Жаштайымдан мал-жандыкка аралашып көнүп калган жанмын. Кыргызстанда асыл тукумдуу жылкыларды көбөйтүп жана сактап калышыбыз керек», - деди ал.
 
 
http://www.turmush.kg/news:356037

<< вернуться к списку новостей

Курсы валют Кыргызстана по отношению к сому
Онлайн Гипермаркет BANAN.KG. Как создать Интернет-магазин?
Торгово Промышленная Палата Кыргызстана партнер сайта agro.kg

Авторские права ОПАЛ 2006-2018

При поддержке:  

Рейтинг@Mail.ru   Яндекс.Метрика    

Design Елена Колесникова

Tsymbalov Цымбалов Разработка сайта создание портала интернет-магазин web-мастер дизайн сайта раскрутка сайта