Ысык-көлдүк А.Токторбаева өзгөчө кыям жасап, чет өлкөлүктөргө сатат ( Жительница Иссык-кульской области делает полезные и необычные виды варенья и продает их иностранным гостям )

Ысык-көлдүк А.Токторбаева өзгөчө кыям жасап, чет өлкөлүктөргө сатат ( Жительница Иссык-кульской области делает полезные и необычные виды варенья и продает их иностранным гостям )

Навигация

Агро новостиКыргызча айыл чарба жанылыктарыАгро-фотогалереяАгро ВидеоСтатьиАгроэкологияАгро-СтатистикаВыставкиЗаконодательствоКалендарь работКооперацияЖивотноводствоПтицеводствоРастениеводствоРазноеОбъявленияАгро-цитатыСотрудничествоАгрофорумУслуги сайтаЭкокластер Иссык-КульУдобрения Calpia KGИссык-Кульский БИО плодопитомникИнформер НовостейНОО "Приборист" - садоводческое или дачное товарищество.Капельное оборудование и тепличная пленка.

Полезные ссылки

ОсОО
Ferma.kg

Кыргызча айыл чарба жанылыктары

Ысык-көлдүк А.Токторбаева өзгөчө кыям жасап, чет өлкөлүктөргө сатат ( Жительница Иссык-кульской области делает полезные и необычные виды варенья и продает их иностранным гостям )

30 ноября 2018


 
Тоң районунун Ак-Сай айылынын 63 жаштагы тургуну Айнагүл Токторбаева өзгөчө кыямдарды жасап, чет элдик туристтерге сатат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.Өзүнүн айтымында, кыям жасоо менен 2010-жылдан бери алектенип келет. Ал жасаган кыямдар ден соолукка абдан пайдалуу экенин айтат.

 
«Чычырканак, бөрү карагат, алма менен апельсинден жасалган кыямдар бар. Алгач идея пайда болуп, жасап көрсөм өзгөчө болду. Ошондон бери токтотпой кыям жасап келем. Себеби медициналык китептерди көп окуп, керектүү маалыматтарды алгам.
 
Жогорудагы жемиштердин организмге көп пайдасы бар экенин билгенден кийин жасап баштагам. Бул продукциялар менен ар кандай фестивалдарга, жармаңкелерге катышып турам. Чычырканак кыямынын бир банкасы 450 сом, бөрү карагаттыкы 450 сом, алма менен апельсинден жасалган кыям 200 сомго бааланат», - деди ал.
 
Айнагүл Токторбаева жасаган кыямдарды көбүнчө чет өлкөлөрдөн келген туристтер баалап сатып алышат.
«Америка, Голландия, Франция, Германия жана башка көптөгөн мамлекеттерден келген туристтер бул кыямдар пайдалуу экенин билишет. Продукция табигый касиетин жоготпогону менен өзгөчөлөнөт. Баарыбыз эле жемиштердин өзүн кайнаткандан кийин банкага куябыз.
 
Бул учурда көптөгөн витаминдер жок болуп кетет. Мен витаминдер көбүрөөк болсун деп жемиштерди кайнатпайт эле идишке куюп, банка менен чогуу кайнатам. Ошондо анын табигый касиети сакталып калат. Айыл жергесинде чакан ишканалар болсо бизге окшогон ишкерлерге шарт түзлүп, кыямдын көп түрүн жасоого мүмкүнчүлүк алмакпыз», - деди ал.
 
 
 
https://www.turmush.kg/news:353534

<< вернуться к списку новостей

Курсы валют Кыргызстана по отношению к сому
Онлайн Гипермаркет BANAN.KG. Как создать Интернет-магазин?
Торгово Промышленная Палата Кыргызстана партнер сайта agro.kg

Авторские права ОПАЛ 2006-2018

При поддержке:  

Рейтинг@Mail.ru   Яндекс.Метрика    

Design Елена Колесникова

Tsymbalov Цымбалов Разработка сайта создание портала интернет-магазин web-мастер дизайн сайта раскрутка сайта