Кара-бууралык Р.Раманкулов үйдө айыл чарба техникаларын жасап, дыйканчылыкты өнүктүрүүдө

Кара-бууралык Р.Раманкулов үйдө айыл чарба техникаларын жасап, дыйканчылыкты өнүктүрүүдө

Навигация

Агро новостиКыргызча айыл чарба жанылыктарыАгро-фотогалереяАгро ВидеоСтатьиАгроэкологияАгро-СтатистикаВыставкиЗаконодательствоКалендарь работКооперацияЖивотноводствоПтицеводствоРастениеводствоРазноеОбъявленияАгро-цитатыСотрудничествоАгрофорумУслуги сайтаЭкокластер Иссык-КульУдобрения Calpia KGИссык-Кульский БИО плодопитомникИнформер НовостейНОО "Приборист" - садоводческое или дачное товарищество.Капельное оборудование и тепличная пленка.

Полезные ссылки

ОсОО
Ferma.kg

Кыргызча айыл чарба жанылыктары

Кара-бууралык Р.Раманкулов үйдө айыл чарба техникаларын жасап, дыйканчылыкты өнүктүрүүдө

12 февраля 2019


 
Кара-Буура районунун Көк-Сай айылынын 50 жаштагы тургуну Руслан Раманкулов атасынан калган дыйкан чарбасын бир туугандары менен иштетип келе жатат. Аймактык кабарчы андан кабар алды.Өзүнүн айтымында, бала кезинен эле айыл чарба техникаларына жакын.«Үй-бүлөдө атам, бир туугандарым болуп техника менен иштейбиз. Атам «Дунганбай» дыйкан чарбасын түзүп, дыйкан чарбага пайдабыз тийсин деп 2 трактор, экскватор алган. Трактордо чарба иштерине керектүү бардык шаймандары бар. Дары чачкыч, төө буурчак чогулткан 2 комбайыныбыз бар. Аларга ылайыктуу прицептер бар. Айылга керектүү кызматтарды көрсөтөбүз. Кошуналарга, айылда суранычтар болсо көмөк көрсөтөбүз. Өзүбүз жалпы 30-40 гектар жер иштетебиз. Мал чарбабызга тоют камдайбыз. Убакыт болгондо элге дагы жардам беребиз. Атамдын атындагы дыйкан чарбага керектелүүчү техникаларды бир туугандар болуп чогуу иштетебиз. Жылына кирешени эсептеп көрбөпбүз. Ичип-жегенге, өзүбүздүн керектүү нерселерибизге керектейбиз. Мисалы айыл өкмөттөр бизге кызматты мынчадан көрсөтөсүңөр деп чечим чыгарып берет.Ар бириники өзүнчө. Келишим менен иштейбиз, андан ашмай жок. Комбайн менен 1 тонна төө буурчак чогултсак кызматына 50 кг төө буурча беришет», - деди ал.Дыйкан мындан тышкары техникаларды өзү да жасап чыгат.«Мен техникаларды көбүнчө өзүм жасайм. 2 комбайнды өзүм жасагам. Жер өлчөгүчтү, дары чачкычты өзүм жасагам. Азыр интернет деген бар эмеспи. Интернетке кирип көрүп алып жасап коём. Керектүү материалдарын көбүн Жамбылдан металлоломдон алабыз. Андан тышкары базарлардан алабыз. Жасаганда жалаң эле ушуну жасап калбайбыз. Жасап жаткан учурда төө буурчакка суунун кезеги келип калат, жумуштар чыгып калат. Ошенттип отуруп 1-2 айдай убакыт кетет. 50 миң сомдой чыгым сарпталат. Мен үй шартында өзүбүздүкүн жасайм», - деди ал.Каарманыбыз буга катар эле жумушта техника иштеткендерди түшүнбөгөн дыйкандар да боло тургандыгын кошумчалады.«Эң эле өкүнүчтүүсү кээ бир түшүнбөгөн адамдар, бирөөлөрдүн түртмөгүнөнбү билбейм. «булардын соляркасы артып калат, кызматына көбүрөөк алат» деп айтышат. Биз деле жыргаганыбыздан минтип иштеп кызмат көрсөтүп жаткан жокпуз да. Негизи өзүбүз да оокат кылганы иштеп жатабыз. Трактор айдаган балдар дагы маяна алыш керек да. Биз техниканы чыгарып беребиз, трактор айдаган балдар дагы үчкө бөлүп 30% алышат», - деди ал.

 
 
https://www.turmush.kg/news:359859

<< вернуться к списку новостей

Курсы валют Кыргызстана по отношению к сому
Онлайн Гипермаркет BANAN.KG. Как создать Интернет-магазин?
Торгово Промышленная Палата Кыргызстана партнер сайта agro.kg

Авторские права ОПАЛ 2006-2018

При поддержке:  

Рейтинг@Mail.ru   Яндекс.Метрика    

Design Елена Колесникова

Tsymbalov Цымбалов Разработка сайта создание портала интернет-магазин web-мастер дизайн сайта раскрутка сайта