Ар бир киши агроном: Кыргызстандын генофондуна коркунуч жаралып жатат

Ар бир киши агроном: Кыргызстандын генофондуна коркунуч жаралып жатат

Навигация

Агро новостиКыргызча айыл чарба жанылыктарыАгро-фотогалереяАгро ВидеоСтатьиАгроэкологияАгро-СтатистикаВыставкиЗаконодательствоКалендарь работКооперацияЖивотноводствоПтицеводствоРастениеводствоРазноеОбъявленияАгро-цитатыСотрудничествоАгрофорумУслуги сайтаЭкокластер Иссык-КульУдобрения Calpia KGИссык-Кульский БИО плодопитомникИнформер НовостейНОО "Приборист" - садоводческое или дачное товарищество.Капельное оборудование и тепличная пленка.

Полезные ссылки

ОсОО
Ferma.kg

Кыргызча айыл чарба жанылыктары

Ар бир киши агроном: Кыргызстандын генофондуна коркунуч жаралып жатат

27 августа 2015

Айыл чарба тармагында жашылча-жемиштин түшүмүн жогорулатыш үчүн химиялык технологиялар көптөн бери эле колдонулуп келе жатат. Журналисттер аны пайдаланууга байланышкан жагдайды иликтеп чыгышкан.
Ар бир киши агроном: Кыргызстандын генофондуна коркунуч жаралып жатат
Адистердин пикиринде, республикадагы көпчүлүк фермерлер айыл чарба тармагында тиешелүү адистикке ээ болбогондугунан улам өсүмдүктөргө дары каражатын колдонууга байланышкан маселе келип чыгууда. Жер үлүштөрүнүн эсебинен тиричилик кылып жаткан айыл тургундары өсүмдүктөрдү иштетүүдө ар бир үзүм жер тилкесинен көбүрөөк түшүм алуу максатында түрдүү каражаттарды колдонуп жатышат.
Бишкектеги айыл чарба дүкөндөрүнүн биринин сатуучу-консультанты, химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо системасында иштеген Виктор Катаровдун айтымында, чегирткеге окшогон ар түрдүү айыл чарба зыянкечтеринин жыл сайын көбөйүп жатышы дыйкандардын билиминин жоктугунан, жерди которуштуруп айдоонун сакталбай жатышынан жана өсүмдүктөрдүн вегетациялык мөөнөтүн билбегендиктен улам келип чыгууда.
Эгерде СССР маалында чөптү отоо басып кеткен үчүн административдик жаза каралса, азыр Химиялаштаруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментинде көзөмөл функциялары гана калган. Бул жагдайды кыйындатууда. Анын кесепетинен дан эгиндеринин, жашылча-жемиштин, пахтанын, тамекинин, кант кызылчасынын арасында отоо чөптөрдүн түрү көбөйгөн.
Бирок айыл чарба өсүмдүктөрү жана отоо чөп менен күрөшүү тескери натыйжасын дагы берүүдө-ал калктын саламаттыгы жана айлана-чөйрөнүн начарлашына байланышкан чоң тобокелдиктерди пайда кылууда. Дарыгерлер көптөн бери эле пестицидди интенсивдүү пайдалануу эмгек шартына, экологиялык жагдайга жана айыл калкынын саламаттыгынын деңгээлине терс таасир берерин айтып келишүүдө. Пестицид менен иштөөдө айыл чарба өнөр жай комплексиндеги оорулардын жалпы деңгээлин 2-3 эсе жогорулатат. Айыл чарба өндүрүшүнүн тармагында, тактап айтканда өсүмдүк өстүрүү тармагына ууланып калуу менен ооруган учурлардын 70 пайызы туура келет.
Буга байланыштуу "БИОМ" кыймылынын экологдору Кыргызстанда пестициддерди колдонуу боюнча изилдөө жүргүзгөн. Адистер жеке чарбаларды, үй кожолуктары гана эмес пестицид сатууга адистешкен дүкөндөрдү, райондук поликлиникаларды жана дарыканаларды изилдөөгө алышкан.
Ош областындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун башчысы Муратбек Токтасинов 18 жылдан бери Арсланбоб айылындагы жергиликтүү ооруканада иштейт. Ал поликлиниканын архивинде бейтап болгон айылдыктардын үлкөн картотекасы бар экенин айтты. Алардын арасында негизинен айыл чарба өсүмдүктөрүн заянкечтерден коргоочу химиялык препараттар менен иштеп ууланып калып, өз алдынча дарыланып жүрө берген дыйкандардын картотекасы көп. Чөп дарылоодон улам энелер менен жаш балдардын арасында аллергия болгондордун саны көбөйгөн.
Мунун баары коргоочу каражаттын жоктугунан улам келип чыккан. Айылыктардын өздөрүнүн айтымында, алардын көбүнүн коргоочу каражаттары дагы жок, алар дарыларды кол капсыз жалаң колу менен кармап иштешет.
"Өсүмдүктөрдүн зыянкечтерине каршы дарыларды мен көптөн бери эле Арсланбоб айылынын борборундагы айыл чарба дүкөнүнөн алам. Аларды сатуучунун кеңеши боюнча колдоном. Коргоочу каражаттарым жок. Ууланып калсам биздин айылдыктардай эле айран-сүт ичип айыгып алам",-дейт айыл тургуну Михлиё Мадрахимова.
Мындай көрүнүш бүтүндөй Кыргызстанда байкалууда. Ирина Шкирман Чүй областынын тургуну. Ал кант кызылчасын өстүрөт жана химиялык дарыларды отоо чөп чыккан учурда колдонот. Анын айтымында, айылдыктардын респираторлору, атайын кийимдери, ал тургай кол каптары жок - ага акча короткулары келишпейт.
Ар бир киши агроном: Кыргызстандын генофондуна коркунуч жаралып жатат
Албетте, калктын коргоочу каржаттарынын жок болуп жатышы жакырчылык маселелерине такалат. Бир нерсе болсо унчукпай калуу, маселени айтпай жүрө берүү дагы салт болуп калган.
Жалал-Абад областында иштеген фармацевт Вахида Досматова жыл сайын уулуу заттар менен картошканы дарылоо маалында дарыканага башы ооруган, башы тегеренген, ич ооруп кускан, кан басымы көтөрүлгөнүн айтып арызданган же жакындары ушундай болуп жактанын айтып дары сураган кардарлар келет.
"Бул пестицид менен уулануунун белгиси. Оор учурларда бейтаптар лаксидофилдин ампуласын жана капсуладагы лактолидди алышат жана үч маал дары сайынышат. Болгон дарылообуз ушул. Поликлинкага кайрылуу ал тургай уят болуп саналып калган. Жагдай жыл сайын кайталат, ал эми кеңеш сурап келген оорулуулар көбөйүп жатат",-дейт фермер.
Эң эле коркунучтуу жери -заяндуу заттар менен иштөө жумушчулардын өзүнө гана таасир бербей алардын болочоктогу муунуна дагы таасир бергендигинде.
"БУУнун аялдары" долбоорунун координатору Дильдора Хамидова мамлекет бул маселеге тезинен чара көрүш керек деп эсептейт. "Бир жагынан КР Туруктуу өнүгүүнүн стратегиясын кабыл алып жатат- ал эми экинчи жагынан айыл чарбасында пестициддерди пайдалануу маселеси көңүлгө алынган жок. Кандай болгон күндө жа бул стратегиянын акыркы максаты- калктын жашоо сапатын жакшыртуу жана байгерчиликте жашоосун камсыз кылуу эмеспи!",-дейт ал.
Анын пикирин Эл аралык эмгек агенттигинде иштеген Тахмина Курбанова бөлүштү.
"Бүгүнкү күндө калкка радиоактивдүү калдыктар көмүлгөн жердин зыяны жөнүндө көп айтышат. Бирок улуттук коопсуздук үчүн пестициддерди пайдаланууну көзөмөлсүз таштоо, айрыкча балдардын эмгегин бул жумушта пайдалануу чоң заян алып келет. Эл аралык эмгек агенттиги тарабынан жүргүзүлгөн тамеки, пахта, күрүч талааларында балдарды иштетүүнүн жыйынтыгы тууралуу изилдөө көрсөткөндөй, мындай балдар өздөрүнүн иштебеген теңтуштарын салыштырганда бойлору кичинекей болуп, репродукция системасы начар өнүккөндүгү белгилүү болду. Балдардын тери катмары чоңдордукуна караганда абдан эле жука болорун эске алыш керек. Бул тууралуу ата-энелерге жана балдардын өздөрүнө маалымат берип, химиялык препараттарды гана эмес, бул иште колдоно турган кол каптарды, бет каптарды балдарга сатпаш керек",-дейт ал.
Айылдыктар балдар эмгегин дайыма пайдаланышат.Ош областынын Нур-Абад айылынын тургуну Диебек 14 жашта. Мектеп окуучусу өсүмдүктөргө каршы дары чачууда дайыма ата-энесине жардам берерин айтты. Анан калса кадимки кийими менен эч кандай коопсуздук чаралардын сактабай туруп жардам берет.
"Дары чачып жаткан маалда башым тегеренип, кускум келген, алсырап башым ооруган учурлар болот. Мындай кезде көлөкөгө бир аз жатып эс алам жана эгер ооруганы басылбаса үйгө келип айран жана муздак чай ичем",-дейт өспүрүм.
Эмгек жана социалдык шериктештик башкармалыгынын башчысы Гүльмира Касымалиева бүгүнкү күндө иш жүзүндө дыйкандардын укугун эч ким коргобой турганын айтат. Анын пикиринде, КРдин кесиптер бирдигинин федерациясында Айыл чарба жумушчуларынын федерациясы катталган, бирок алар дыйкандардын укугун коргоо боюнча маселеге канчалык аралашканын белгисиз. Дыйкандарды коргой турган башка ведомстволор - Мамлекеттик эмгек инспекциясы менен Мамлекеттик экологиялык жана техникалык инспекция.
Техникалык инспектор Жеңишбек Казакбаев азыр көпчүлүк эле эл жакыр жашарын, ошондуктан айылда балдар менен өспүрүмдөр ал тургай жалданып иштеп жатканын айтты.
"Эгерде жумуш берүүчү айыл чарба өсүмдүктөрүн дарылоону тапшырма берсе анда жумушчу кандай куракта болбосун аны аткаруудан баш тартпайт",-деп белгилейт инспектор.
Социалдык өнүгүү министрлиги берген маалыматка таянсак, 2013-жылы ишке тартылган 9208 бала катталган, алардын 191и эмгектин эң эле зыяндуу түрлөрү менен иштеген. Бул маалыматтар министрликтин рейддеринин маалында белгилүү болгон, бирок аталган статистикада айыл чарба тармагында иштеген балдар жок деп көрсөтүлгөн.
"БИОМ" долбоорунун координатору Анны Кириленко мунун баарынан бир эле жыйынтык чыгарууга болорун кошумчалады- пестициддерди мындай шарттарда колдонуу өлкөнүн генофондуна реалдуу коркунуч туудурат. Мунун баары калктын жашоо деңгээлин төмөндөткөн өлкөдөгү экономикалык кризистен жана калкка медициналык көмөк берүүнүн төмөндөшүнүн маалында болуп жатат. Бүгүнкү күндө тез аранын ичинде мамлекеттик түзүмдөр менен калктын калың катмарына пестициддерди колдонуунун коркунучу жөнүндө маалымат берүү иш-чараларын колго алуу зарыл. Муну менен катарда айлана- чөйрөнү коргоо гана эмес, генофондду сактоого байланышкан маселени чечүү кажет.
Булак- "Регион.kg"

<< вернуться к списку новостей

Курсы валют Кыргызстана по отношению к сому
Онлайн Гипермаркет BANAN.KG. Как создать Интернет-магазин?
Торгово Промышленная Палата Кыргызстана партнер сайта agro.kg

Авторские права ОПАЛ 2006-2018

При поддержке:  

Рейтинг@Mail.ru   Яндекс.Метрика    

Design Елена Колесникова

Tsymbalov Цымбалов Разработка сайта создание портала интернет-магазин web-мастер дизайн сайта раскрутка сайта