Нарын шаарынын экономика тармагына жана калкына алдыдагы кыш мезгили үчүн 10 миң 95 тонна кара алтын керектелиши абзел. 20-октябрга карата 7201 тонна көмүр камдалган.
Шаардык мериянын бөлүм башчысы Эсентур Өмүралиев Нарын жылуулук берүү ишканасы пландаган көмүрдү 82 пайызга, шаардык балдардын көркөм өнөр мектеби 34 пайызга аткарышкандыгын, ал эми калкка жалпысы 2500 тонна көмүр керек деп эсептелсе, учурда көмүрканаларда 125 тонна кара алтын бар экендигин билдирет.
-Шаарда 3 көмүркана уюштурулган. Аларда бир тоннасы 3300-3500 сомдон сатылууда. Ошондой эле жеке ишкерлер да өз алдынча элге сатып жатышат. Аз камсыз болгон 546 үй-бүлөлөргө жергиликтүү бюджеттен көмүр алуу үчүн 1000 сомдон акча шаардык почта аркылуу берилүүдө,-дейт Э.Өмүралиев.