Кочкордо кытай бут кийим фабрикасы, Кара-Кужурда Акташ ишканасы жыргатып иштебей жатат

Кочкордо кытай бут кийим фабрикасы, Кара-Кужурда Акташ ишканасы жыргатып иштебей жатат

Навигация

Агро новостиКыргызча айыл чарба жанылыктарыАгро-фотогалереяАгро ВидеоСтатьиАгроэкологияАгро-СтатистикаВыставкиЗаконодательствоКалендарь работКооперацияЖивотноводствоПтицеводствоРастениеводствоРазноеОбъявленияАгро-цитатыСотрудничествоАгрофорумУслуги сайтаЭкокластер Иссык-КульУдобрения Calpia KGИссык-Кульский БИО плодопитомникИнформер НовостейНОО "Приборист" - садоводческое или дачное товарищество.Капельное оборудование и тепличная пленка.

Полезные ссылки

ОсОО
Ferma.kg

Кыргызча айыл чарба жанылыктары

Кочкордо кытай бут кийим фабрикасы, Кара-Кужурда Акташ ишканасы жыргатып иштебей жатат

31 октября 2015

Нарын облусу боюнча өткөн 9 айда салыкчылар 436,7 млн сомду чогултуу милдетин алышкан экен. Иш жүзүндө 450,8 млн сом жыйналган же милдеттенме 14 млн сомдон ашык акчага аткарылган. Ал эми өткөн жылдын октябрь айына карата алганда 23 млн сомдон ашык каражат арбын топтолгон.
Ошол эле учурда Кочкор районунда кошумча нарк салыгы (КНС) 28%, Ат-Башы районунда 53%, пайдадан алынуучу салык Нарын районунда 29,7%, Ак-Талаа районунда 56,7 %га аткарылган.
Кочкор айылындагы кытайлык бут кийим фабрикасы жана Кара-Кужурдагы Ак-Таш ишканасы да жакшы иштешкен жок. Ошондуктан, КНС аткарылбай калды,-деп билдирди Кочкор районунун акими Нурбек Жусупбеков.
Ал эми Жумгал районунун акими Адылгазы Ысагулов көмүр казуу былтыркы жылдагыдан дээрлик 80 миң тонна көп өндүрүлгөндүгүн, бирок Бишкек жылуулук борбору менен келишим түзүлбөгөндүгүн белгиледи.
«Жылда эле ушундай кыйынчылык. Былтыр 9 айда 329 миң тонна көмүр казылса, быйыл 408 миң тонна өндүрүлдү. Азыр көмүрлөр турат. Бирок ТЭЦ менен келишим түзүлбөй жатат,- деди Жумгалдын аким А.Ысагулов.
«Кочкордогу кытайлар иштете баштаган бут кийим фабриканын себебин билгиле. Ал эми Ак-Таштагылар иштешсин же болбосо лицензияларын алуу керек. Алар жолдорду талкалап бүтүштү. Мына мага кара-кужурлуктар жол боюнча дагы кайрыла башташты. Же районго, же облуска жардам беришпесе, анан каалагандай иштешсе. Керек десе машиналарын өткөрбөш керек,- деген тапшырмасын берди 9 айдын жыйынтыгын караган облустук коллегияда Өкмөттүн ыйгарым өкүлү Аманбай Кайыпов.

<< вернуться к списку новостей

Курсы валют Кыргызстана по отношению к сому
Онлайн Гипермаркет BANAN.KG. Как создать Интернет-магазин?
Торгово Промышленная Палата Кыргызстана партнер сайта agro.kg

Авторские права ОПАЛ 2006-2018

При поддержке:  

Рейтинг@Mail.ru   Яндекс.Метрика    

Design Елена Колесникова

Tsymbalov Цымбалов Разработка сайта создание портала интернет-магазин web-мастер дизайн сайта раскрутка сайта