Ат -Башы районундагы Ак-Муз айылында ПРООНдун жардамы менен мал күпкөсү курулду

Ат -Башы районундагы Ак-Муз айылында ПРООНдун жардамы менен мал күпкөсү курулду

Навигация

Агро новостиКыргызча айыл чарба жанылыктарыАгро-фотогалереяАгро ВидеоСтатьиАгроэкологияАгро-СтатистикаВыставкиЗаконодательствоКалендарь работКооперацияЖивотноводствоПтицеводствоРастениеводствоРазноеОбъявленияАгро-цитатыСотрудничествоАгрофорумУслуги сайтаЭкокластер Иссык-КульУдобрения Calpia KGИссык-Кульский БИО плодопитомникИнформер НовостейНОО "Приборист" - садоводческое или дачное товарищество.Капельное оборудование и тепличная пленка.

Полезные ссылки

ОсОО
Ferma.kg

Кыргызча айыл чарба жанылыктары

Ат -Башы районундагы Ак-Муз айылында ПРООНдун жардамы менен мал күпкөсү курулду

31 октября 2015

Ак-Муз айылында атайын малды жасалма уруктандыруу жана жүн кыркуучу жайын ачуу пландалууда. Бул тууралуу Ат-Башы районунун Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы Азатбек Капатов билдирди.
«Ак-Муз айылынын негизги чарбасы мал чарбачылыгы. Жыл өткөн сайын малдын саны да өсүүдө. Ошону менен бирге эле мал ылаңы көп катталууда. Ал эми малды ар кандай ылаңдардан алдын алуу үчүн жылына эки жолу же жаз, күз айларында майда жандыктарды күпкөгө салуу керек. Бирок, союз мезгилинен бери айылда малды күпкөгө салуучу жана дарылоочу атайын жай жок болгондуктан, ар ким өз колунан келишинче дарылап келишкен. Албетте, мындай дарылоо талапка жооп берген эмес. Башкача айтканда, малды дарылоо учурунда бири дарыны аз же көп кошкондуктан, анын жыйынтыгы жакшы болбой, малдар ооруп, кээде өлүп калган учурлар болгон,-деди ал.
Ошондуктан, айылга ветеринардык талапка жооп берген мал күпкөсүн курууга туура келди. Үстүбүздөгү жылы ПРООНдун 250 миң сомдук грантынын колдоосу жана айыл элинин 60 миң сомдук салымы менен бардык талапка жооп берген фито санитардык мал күпкөсү салынды. Муну менен ар кандай илдеттерди болушун алдына алууга болот» ,-дейт А.Капатов.
Ошондой эле ооруп өлгөн малдын өлүгүн жана ылаңдуу малдын ич органдарын табигый жок кылуучу атайын биотермикалык «БЕККЕРИ» чуңкурчасы курулду. Учурда элге ооруп өлгөн малдын өлүгүн бул жакка алып келип, аны атайын чуңкурчага таштагандан кийин, өлүктүн үстүнө хлор жана соода таштоо керектиги боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Бирок, эл көнгүчөктү малдын өлүгүн жана ооруган малдын ич органын 100 сомдон сатып алуудабыз- деп кошумчалады ал.

<< вернуться к списку новостей

Курсы валют Кыргызстана по отношению к сому
Онлайн Гипермаркет BANAN.KG. Как создать Интернет-магазин?
Торгово Промышленная Палата Кыргызстана партнер сайта agro.kg

Авторские права ОПАЛ 2006-2018

При поддержке:  

Рейтинг@Mail.ru   Яндекс.Метрика    

Design Елена Колесникова

Tsymbalov Цымбалов Разработка сайта создание портала интернет-магазин web-мастер дизайн сайта раскрутка сайта