Жалал-Абадда органикалык айыл чарбага арналган форум болуп отту

Жалал-Абадда органикалык айыл чарбага арналган форум болуп отту

Навигация

Агро новостиАгро-фотогалереяАгро ВидеоСтатьиАгроэкологияАгро-СтатистикаВыставкиЗаконодательствоКалендарь работКооперацияЖивотноводствоПтицеводствоРастениеводствоРазноеОбъявленияАгро-цитатыСотрудничествоАгрофорумУслуги сайтаЭкокластер Иссык-КульУдобрения Calpia KGИссык-Кульский БИО плодопитомникИнформер НовостейНОО "Приборист" - садоводческое или дачное товарищество.Капельное оборудование и тепличная пленка.

Полезные ссылки

Новости сельского хозяйства Кыргызстана

Жалал-Абадда органикалык айыл чарбага арналган форум болуп отту

2 октября 2014

23-сентябрь күнү КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүндө КР Жогорку кеңешинин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүгүү боюнча комитетинин эксперттери катышкан семинар органикалык пахтаны өндүрүрүү жана сатууну колдоо боюнча "Био Пахта" долбоорунун 10 жылдыгына арналып өткөрүлүп, анда органикалык тармакты өнүктүрүүдө аткарылган иштер талкууга алынды. "Био Сервис" коомдук фондунун аткаруучу мүдүрү Сапарбек Алымкуловдун берген маалыматына караганда, аталган семинарга КР Жогорку Кеңешинин депутаты Майрамкүл Тиленчиева, Кыргызстандагы органикалык кыймыл федерациясынын президенти, "БИО kg" кыймылынын жетекчиси Искендербек Айдаралиев, КР айыл-чарба жана мелиорация министрлигине караштуу Кыргызагробиоборбордун жетекчиси Жаңыбай Туманов, Хелветас Швейцариялык Эл аралык кызматташтык уюмунун, Голландиялык ICCO Кооперейшндин өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана облустагы органикалык чарба менен иштеген дыйкан фермерлер катышышты."Семинарда облуста органикалык чарба жүргүзүүнүн тарыхына токтолуп, экологиялык көйгөйлөр боюнча тасма көрсөтүлдү. Органикалык продуктыларды өлкө ичинде алга жылдыруу, кыйынчылыктар жана андан чыгуу жолдору талкууга алынды. Ийгиликтүү фермер тарыхы боюнча тасма көрсөтүлдү жана аны талкууга алышты. Жыйынтыгында органикалык өндүрүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку кеңешке сунуштоо жагы жактырылды", - дейт С.Алымкулов.Анархан ЖаңыбаеваИсточник: http://jalal-abad.kyrgyzkabar.kg/news/view/id/6472

<< вернуться к списку новостей

Авторские права ОПАЛ 2006-2020

При поддержке:  

Рейтинг@Mail.ru   Яндекс.Метрика    

Design Елена Колесникова

Tsymbalov Цымбалов Разработка сайта создание портала интернет-магазин web-мастер дизайн сайта раскрутка сайта