"Адамды дарт, мамлекетти коррупция жейт": "Ак-Талаа Эл" коомунун өлкө башчыга кайрылуусу

"Адамды дарт, мамлекетти коррупция жейт": "Ак-Талаа Эл" коомунун өлкө башчыга кайрылуусу

Навигация

Агро новостиАгро-фотогалереяАгро ВидеоСтатьиАгроэкологияАгро-СтатистикаВыставкиЗаконодательствоКалендарь работКооперацияЖивотноводствоПтицеводствоРастениеводствоРазноеОбъявленияАгро-цитатыСотрудничествоАгрофорумУслуги сайтаЭкокластер Иссык-КульУдобрения Calpia KGИссык-Кульский БИО плодопитомникИнформер НовостейНОО "Приборист" - садоводческое или дачное товарищество.Капельное оборудование и тепличная пленка.

Полезные ссылки

Новости сельского хозяйства Кыргызстана

"Адамды дарт, мамлекетти коррупция жейт": "Ак-Талаа Эл" коомунун өлкө башчыга кайрылуусу

1 января 1970

"Ак-Талаа Эл" коомунун жылдык конференциясынын катышуучулары Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту. Кайрылууда президенттин алгылыктуу реформасы, өлкө башчы жасап жаткан иштер жана бир катар сунуштар айтылды.
Коомдун кайрылуусу:
"Урматтуу Садыр Нуркожоевич, чечкиндүү кадамдар уланышы керек.
2022-жылы 5-августта Баетов айылында райондун коомчулугунун катышуусунда Сиздин "Улуттук нарк жана адеп-ахлак маселелери жөнүндөгү" жарлыктарыңызды ишке ашырууга көмөктөшүү максатында "Ак-Талаа Эл" коомунун мүчөлөрү илимий-практикалык конференция өткөрүшкөн. Анда коомдун мүчөлөрү: академик, илимдин докторлору, кандидаттар, мурда ар тармакты жетектеген экс-министрлер, мурдагы депутаттар алдын ала даярдашкан докладдарды жасашкан.
Конференцияда Сиздин жүргүзүп жаткан ар тараптуу ички жана сырткы саясаттарыңызды колдоо менен, Сизге Нарын-Баетов-Кош-Дөбө автожолун асфальттап берүүнү сурап кайрылдык эле. Сиздин жеке тапшырууңуз менен 2023-жылдын планына Нарын-Баетов багыты боюнча 36 километр, Баетов-Кош-Дөбө багыты боюнча 6 километр жолго асфальт төшөө ишке кирип, иш башталып жатат. Тоолуктардын суроосуна өз учурунда сергек мамиле жазагандыгыңыз үчүн райондун элинин атынан Сизге терең ыраазычылык билдиребиз! Сиздин бул чечимиңиз мындан ары да өз көзөмөлүңүздө болуп, курулуштар белгиленген мөөнөттө аяктарына ишенебиз!
"Ак-Талаа Эл" коому мындан 25 жыл мурун кыргызга таанымал Шүкүрбек Бейшеналиев, Калый Молдобасанов, Мукаш Базаркулов, Турду Жыргалбеков, Кубат Осмонбетов, генерал Токтожума Жээналиев жана башка белгилүү инсандар башында турган ынтымак коому катары уюшулуп, ошондон бери тынбай эл менен иштеп келет.
Бүгүн, 25-июнда, ар жылы өткөрүп жүргөн салтыбызды улап, райондун ар бир айлынан келген өкүлдөр менен Бишкекте кезектеги жылдык конференция-жыйыныбызды өткөрүп отурабыз. Максатыбыз - өлкөдө болуп жаткан позитивдүү иштерге үн кошуп, сунуштарыбызды айтуу.
Илгертеден ата-бабадан кыргыздын канына сиңген касиети: чындыкты чындай, ийгиликти болгондой, кызганбай ачык айтып, эл башкарган мыктыларын колдоп да, коргоп да, сунуштарын берип, сындап да келген эмеспи.
Сиз бийлике келген 2,5 жылдан бери Кыргызстанда мурда болуп көрбөгөндөй ири ийгиликтер жаралды. Мурдагы бийликтердей эл аралык мафиянын кызыкчылыгына жана өзүңүздүн пайдаңызга иштебей, Кумтөрдү толук мамлекеттин менчигине алдыңыз.
Бир тараптуу эл аралык мамилени өзгөртүп, Россия жана Кытай мамлекеттери менен байланышты жакындан чыңдап жатасыз. Евробиримдик, анын ичинде Германия өлкөсү менен да байланыштын жанданганы кубандырат. Өзбекстан менен чек ара такталды. Тажикстан менен да иш жүрүп жатат. Кыргыз мамлекетинин коопсуздугу чыңдалууда. Куралдуу күчтөр, атайын кызмат, жалпы эле укук коргоо органдар жана кырдаалды алдын алуучу уюмдардын бекемделишине фундаменталдуу негиздер түптөлдү.
Кадрдык ротация өз ийгилигин берүүдө, көптөн күткөн административдик-аймактык реформа башталды.
Сиз ишиңизди баштоо менен эки чоң тобокелчилике бардыңыз. "Дос" дегенине карабай, Камчыбек Ташиевди күч структураларынын башына койдуңуз. Камчыбек Ташиев коррупцияга каршы чечкиндүү күрөш баштап, жемкорлордун тилеги катып, миллиарддар кайрылууда.
Элдин жаадырган сынына карабай, Акылбек Жапаровду Министрлер кабинетинин төрагасы кылдыңыз. Көзү жетик адис экен, бюджетти толтура турган булактар катуу көзөмөлгө алынып, бюджет эселеп өсүп жатат. Бул сиздин демейдеги салтка жатпаган оригиналдуу чечимдериңиз болгон. Ошол эки тобокелчилигиңиз бүгүн негизинен акталып отурат. Айлык акылар, пенсиялар, социалдык көмөк пулдар олуттуу көтөрүлдү. Ипотекалык курулуштар айылдарга чейин кулачын жайды. Медицина тармагындагы чоң иштерди демилгелеп жатасыз.
Кыскасы ири революциялык кадамдар башталып да, жүрүп да жатат.
Урматтуу Президент!
Ошондон улам төмөндөгү айрым пикир-сунуштар менен конференциянын катышуучулары Сизге кайрылып, үн кошууну туура көрдүк:
1. Мугалим - билим булагы, окуучу - тыңдап угаары.
Азыр мугалимдердин кадыр-баркы өтө төмөн. Мугалимден угуучусунун укугу бийик турат. Өлкөдө болуп жаткан көп окуялар буга далил. Мыйзам түрүндө мугалимдин кадыр-баркын көтөрүү, мугалим менен ата-эненин, окуучу менен мугалимдин ортосундагы мамиле, милдет-укуктарды тактай турган ачык-айкын мыйзам тезинен керектигин турмуш далилдеп турат. Өнүгүп жаткан Жапон өлкөсүндө мугалимдер терең сый-урматта экендиги бизге белгилүү. Ата-эне баласынын билими, жүрүм-туруму жөнүндө мугалимдин билдирүүсүн угуу үчүн мыйзамга ылайык айына эки жолу аны менен жолугуп турат. Тарбия үзгүлтүксүз эки тараптан тең жүрөт экен.
2. Ээси сүйбөсө аргымак өлөт, Эли сүйбөсө Мекени чөгөт.
Акыркы 10-15 жылда дин тутуучулар, эл менен иштөөнүн үлгүсүн көрсөткөнүн ынануу менен да, кубануу менен да кабылдап турабыз. Алар катарын миллиондоп өстүрдү, биримдигин чыңдады.
Ал эми өнүгөм деген өлкөлөрдө өз элинин аң-сезими үчүн тынымсыз күрөш дайыма жүрүп келет. Эмне үчүн бизде мамлекеттик машина өз элин, өзгөчө жаштарды Ата Мекенин сүйүүгө тарбиялоону акыркы 30 жылдан бери колго албады? Азыр өлкөнүн келечеги эмес, өлүү дүнүйө, мыйзамсыз байлык басуу өзгөчө чиновниктердин, жаш-карынын канына сиңип турганын жашырабызбы? Мамлекетин ыйык тутуу, аң-сезимге таасир берүү, ар намыска чакыруу идеологиясы бизде толук кандуу иштейт деп айта алабызбы? Эли сүйгөн мамлекет өнүгүп-өсүп, алдуу, күчтүү, түптүү, бирдиктүү болуп, көйгөйлөр өз учурунда чечилип, 30 жылдап жыйылбайт экен.
3. Түгөлдөбөгөн жерде байлык куралбайт, үнөмдөбөгөн жерге байлык туралбайт.
Жогоруда айтылгандай, Сиздин жетекчилик менен бюджеттин кирешеси мурда болбогондой түгөлдөнүп жатат. Ошону менен бирге чыгым дыкат үнөмдөлүп, тынымсыз көзөмөлгө алуу тартиби, талабы болгон жок.
Буга далил: кайдагы бир экология фондусу дегендин 2-3 жылда миллиардды жок кылышы, пайдасыз туризм фондусунун миллиардга чамалап чачышы. Бошончу жайга окшогон, токтоочу жайдын миллионго курулушу жана башка, жана башкалар.
4. Жыгачты курт жейт, темирди дат жейт, адамды дарт жейт, мамлекетти коррупция жейт.
Жемкорлор менен күрөштүн экинчи этабы башталаарын өзүңүз да айтып жатасыз. Кустуруп, кайра куткаруу жемкорлукту токтото албады. Алар онун берип токсонун, бирин берип, токсон тогузун алып калышты. Азыр "окшуп" кутулса болоорун түшүнгөн жемкорлор, ачык эле тайманбай элдин чөнтөгүнө колун сала баштаганын органдардын күндөлүк билдирүүлөрү далилдеп турат. Ошондуктан мындан ары ар бир коррупционердин жегенин бүт какшыта алып, өзүн 15-20 жылдап "эс алууга" жиберсе, толук токтобосо да кескин азайабы демекчибиз. Өзгөчө өзгөрүүнү тез кабылдоочу жаштардын аң-сезими өзгөрөт деген пикирдебиз.
Биз, бүгүнкү конференция-жыйындын катышуучулары Сиздин, урматтуу Садыр Нуркожоевич, жасап жаткан иштериңиз, тынымсыз ойлонуунун, тынбаган изденүүнүн, Ата Мекен үчүн чечкиндүү кадамдардын натыйжасы экенин жакшы түшүнөбүз!
Алыскы Ак-Талаа районунун элинин атынан терең ыраазычык билдирүү менен, мындан аркы айтылган жана айтылбай калган ар тармактуу иштериңиз чечкиндүү кадамдар менен коштолуп, байсалдуу болушуна тилектешпиз!
"Ак-Талаа Эл" коомунун Президенти: Берикбаев Дөөлөтбек
Осмонбетов Кубат - Инженердик Академиянын Академик, геология-минералогия илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын илим жана техника тармагындагы мамлекеттик сыйлыгынын эки жолку лауреаты, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген геологу Мамбеталиев Өзгөрүш - Айыл чарба илимдеринин кандидаты, коомдук ишмер Жусупов Калыгул - Физика-математика илимдеринин кандидаты, профессор Акималиев Жуман - Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы, Нарын шааркомунун 1-катчысы Асанов Карыпбек - Кыргыз Республикасынын Айыл чарбасынын эмгек сиңирген кызматкери Татыбеков Алымбек - Техника илимдеринин доктору, мамлекеттик сыйлыктын лауреат, профессор Кубаталиев Төлөгөн - Коомдук ишмер Кеңешов Төлөбай - Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу, архитектура илимдеринин кандидаты Чокиев Турдубек - Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, композитор, Кыргызстан композиторлор Союзунун төрагасы Сыдыков Мукан - Коомдук ишмер Чылымов Абдисалим - Коомдук ишмер, физика-математика илимдеринин кандидаты, мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу Бактыгулов Кадаңбай - Техника илимдеринин кадидаты, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу Бакасов Султан - КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана ЖӨБ иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин Жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча укуктук камсыздоо секторунун башчысы, полковник Жумакадыров Алманбет - Коомдук ишмер Амангазиев Сейитбек Бозалаев Керимкул - Чуй облустук жол тейлөө башкармалыгынын башкы инженери Асанкожоев Нарынбек - Куруучу Кулжыгачов Нарынбек Абдраимов Каныбек Жусупжанов Улукбек - Баетов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Азимжанов Черленс - Баетов айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы Иманалиев Иличбек - Алабуга Айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Курманбаев Акылбек - Алабуга Айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы Акиев Арстанбек - Кара Бүргөн айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Кемелов Билимбек - Кара Бүргөн айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы Абдылдаев Алмаз - Тоголок Молдо айыл аймагынын айыл өкмөт Башчысы Турдубеков Жекшембек - Тоголок-Молдо айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы Абдиев Жайлообай - "Ак-Талаа Эл" коомунун вице-президенти Абышбаев Качкын - "Ак-Талаа Эл" коомунун вице-президентинин биринчи орун басары Жанболотов Шахназар - "Ак-Талаа Эл" коомунун катчысы Дөлөев Өмүрбек - Кыргыз Эл акыны, Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Шыгаев Рысбек - Айыл чарбасынын отличниги Апилов Мыктыбек - Тарыхчы, Маданияттын мыкты кызматкери Казиев Токтосун - Кыргыз Республикасында дайындалган 1-курултайдын делегаты жана комиссиялык курамдын мүчөсү Мамытова Мария - Кыргыз почтасынын эмгек сиңирген кызматкери Исамамбетова Динара - Эл агартуунун мыктысы Асаналиев Мамытбек Насыров Манас Аликов Темирбек Касымбаев Садыр Карасартов Суйундук Кожекова Асыл Орозалиев Сапараалы Куренкеев Бейшенбек Бексултанов Акылбек - Жеке ишкер, дыйкан-фермер Мамытов Советбек - Райондук активист

Источник: akipress.kg

<< вернуться к списку новостей

Авторские права ОПАЛ 2006-2020

При поддержке:  

Рейтинг@Mail.ru   Яндекс.Метрика    

Design Елена Колесникова

Tsymbalov Цымбалов Разработка сайта создание портала интернет-магазин web-мастер дизайн сайта раскрутка сайта